Россиядагы митингдер

Евразия күндеми-31

1465249
Россиядагы митингдер

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Россия Федерациясынын Хабаровск крайында болуп жаткан митингдер тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Хабаровск крайынын губернатору Сергей Фургал 2004-2005-жылдарда ишкерлерди уурдоо жана өлтүрүү боюнча уюшкан кылмыш жасаган деген шек менен кармалды. Бул окуядан кийин аймактын калкы 11-июлдан бери күн сайын уруксатсыз Фургалды колдоо митинги өткөрүп жатышат. Крайдын борбору Хабаровск шаарында жана аймактагы ондогон башка шаарларда пандемияга карабастан он миңдеген жарандын катышуусу менен митингдер өтүүдө. Дем алыш күндөрү митингге катышкандардын саны 50-80 миңге чейин жетүүдө. Хабаровск крайындагы митингдер адаттан тыш мүнөздө болгондуктан, аталган митингдерге жакындан көз жүгүртүп көрөлү.

Сергей Фургал 2018-жылы болуп өткөн шайлоодо шайлоочулардын 70 пайызынын добушун алып, Россиянын либералдык-демократиялык партиясынан Хабаровск губернатору болуп шайланган. Фургал губернатор болгондон кийин аймакта болуп өткөн шайлоолордо либерал-демократтар жеңишке жетишип, бийликтеги Бирдиктүү Россия партиясына жеңилүү ызасын тарттырды. Бирок акыркы митингдер аты аталган эки партиянын ортосундагы саясий күрөштөн алда канча чоң окуя сыяктуу сезилет.

Фургал губернатор кызматына келгенден бери бюрократиялык чыгымдарды минимумга түшүрүү үчүн чечимдер кабыл алган. Мындай кадамдары жана крайдын ички маселелери боюнча позициясын ачык билдирип, сындап турганы анын калктын колдоосуна ээ болушунда маанилүү роль ойногон десек жаңылышпайбыз.

Мындан сырткары губернатор жергиликтүү калктын таламын талашып борбордук бийлик менен тирешүүгө чейин барып турган. Мисалы, Президент Владимир Путиндин 2018-жылдын декабрында Ыраакы Чыгыш аймагынын борборун Хабаровск шаарынан Владивосток шаарына жылдыруу чечимине Фургал каршы чыккан.

Владимир Путин 20-июль күнү Фургалды кызматтан алып, анын кызматын убактылуу аткаруучу катары Либералдык-демократиялык партиянын өкүлү Михаил Дегтярёвду дайындады. Бирок аймактын калкы Москвадан жиберилген Дегтярёвду жылуу кабыл алышкан жок. Митингге катышкандар Фургалдын аймакка жиберилишин, сот процессинин Хабаровск шаарында ачык жана адилеттүү түрдө өтүшүн талап кылышууда. Митингде Путиндин отставкага кетиши да талап кылынууда. Хабаровск крайындагы митингдерди өзгөчө кылган нерсе, үч жумадан бери митингдердин тынч, одоно мыйзам бузууларга жол берилбеген түрдө өтүп жаткандыгы болуп саналат. “Көгүчкөндөргө жем берүү”, “массалык жүгүрүү” жана “автомобиль сүйүүчүлөрдүн маршы” сыяктуу ар кыл кызыктуу иш-чаралар митинг алкагында уюштурулуп жатат.

 Россиянын чыгышында болуп жаткан митингдер мамлекеттеги борбор-регион күрөшүн дагы бир жолу күн тартибине чыгарды. Россиянын региондору борбордук бийликтин алардын ички иштерине көп кийлигишпөөсүн, алар шайлаган кишилерге жана аймактагы калкка сый көрсөтүлүшүн, региондордун өнүгүшү үчүн борбордук казынадан каражат бөлүнүшүн каалап жатышат. Хабаровскдагы калктын каяша жообу, тагыраак айтканда нааразылычылык акциялары Россиянын башка региондоруна да жайылып, кийинки шайлоодо Бирдиктүү Россиянын аз добуш алып калышына себепкер болушу ыктымал. Баарыбызга маалым болгондой эле, өткөн жылдан бери Түндүк Кавказда буга окшогон митингдер кез-кезде болуп жатат. Москванын этникалык азчылыктардын автономиялуу түзүмүн ири облустарга бириктирүү аракети дагы жергиликтүү калктардын жогорудагы сымал каяша жообун пайда кылышы мүмкүн. Кыскасы, тышкы саясатта чоң иш-аракеттерди ишке ашырууну көздөгөн Россиянын, өз ички саясатында бат чечүүнү талап кылган чоң маселелери бар.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар