Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-103

Түрк элдеринин адабиятынан – Мехмет Акиф Эрсойдун чыгармачылыгы

1463472
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-103

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусунда түрк элинин улуу акыны жана ойчулу, Түркиянын Улуттук гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсойдун чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.

Улуу чыгармачыл инсандарды бир улуттун маданий күзгүсү деп айтууга болот. Алар жан дүйнөсүнө топтолгон тажрыйбалары менен жашап жаткан коомчулуктун маданий байлыктарын таанытып, таптап алып жүргөндөр. Түрк элине мына ушундай баалуу белек тартуулап, “Улуттук гимнин” даярдап элдин демине дем кошкондордун бири – Мехмет Акиф Эрсой болгон. Бул акындын жашап өткөн доору өтө эле оош-кыйыштуу учурга туш келген. Акын - Балкан согушу, 1-дүйнөлүк согуш, Чанаккале согушу, Улуттук-боштондук күрөштүн кайнаган күндөрүн көргөн. Ал түрк тарыхында эң узун империя атанган Осмон Империясынын кулашы менен жаңы Түркия мамлекетинин куралышына күбө болгон. Бул кыйынчылыктар акындын чыгармачылыгына күч берип бышыргандай.

Мехмет Акиф Эрсой 1873-жылы Стамбул шаарында туулган. Орто мектепти бүтүргөн соң окуусун улантууну максат кылган. Бирок экономикалык кыйынчылыктарынан улам окуусун таштап Ветеринардык институтка тапшырат. Ошол жылдары акын чыгармачылыгын да, башка кызыккан илим тармактарын да алдыга өнүктүргөн. 1893-жылы окуусун артыкчылык менен бүткөрүп ушул кесиби менен инспектордун катчысы болуп иштей баштаган. Бул иши менен Анадолуну кыдырганга мүмкүнчүлүк жаралган. 1908-жылы Осмон адабияты мугалими болуп иштеген. Ошо менен бирге ырларын журналдарга жарыялап турган. 1914-жылы Мадина жана Египедке иш сапарлары менен барып, таасир калтырган окуяларды китеп кылып чыгарган. 1-дүйнөлүк согушу учурунда Германияга жөнөтүлүп мусулман туткундардын абалын билип кайтат. Жана бул сапарынан белгилүү “Берлин эскерүүлөрү” аттуу ырын жараткан. 1920-жылы акын Бурдур шаарынын депутаты болуп парламентке кирген. Ошол учурда болуп жаткан Улуттук-боштондук күрөшкө жанын үрөп кызмат кылган. Ошо менен бирге чыгармаларын да байма-бай жарыялап турган. Ошол эле жылы Анкарага келген Эрсой гимн жазуу конкурсунда биринчи орун алган. Парламенттин 1921-жылы 12-мартындагы жыйынында бул гимн кабыл алынып кайталанып окулган. Ал 1923-жылы Стамбулга кайтып ал жакта түрк тилден сабак берип жүрдү. Ден соолугуна байланыштуу 1935-жылы Лебанонго барып келет. Андан көп өтпөй 1936-жылы Стамбулда каза болуп, сөөгү Эдирнекапы мазарына коюлган.

Мехмет Акиф Эрсой адабиятты түшүнбөгөндөргө убагында мындай деген экен: “Биз адабияттан адепти жана социалдык тарбияны үйрөнөбүз. Биздин оюбузча адепсиздик туулган жерде адабияттын изи да жок болот”. Ал кеңири адабий билимге чумкуган киши болгон экен. Француз тилин жакшы билгендиктен француз адабиятын жана аны менен бирге батыш адабиятын терең үйрөнгөн. Өз доорунда чет элдерге чейин атагы чыгып чыгармалары таанылган. Анын ырлар жыйнагы “доорлор” деген мааниде которулган “Сафахат” деген аты менен чыгарылып жети томду түзгөн. Бул китептеринин биринчиси 1911-жылы жарыяланган. Эң акыркы жетинчи китеби “Көлөкөлөр” деп аталып 1933-жылы жарык көргөн. Акындын бул жети томдук ырлар жыйнагында жалпы жонунан он бир миң эки жүз кырк саптан турган ырлары киргизилген. Ал эми бул томго жазылбай калган ырлары да болгон. Андан сырткары акындын илимий макалаларын, адабий котормолорун көрүүгө болот. Мына ушундай билими жана эмгеги менен элдин ичинен чыгып атагы алыска кеткен. Өтө көлөмдүү бул “Сафахат” ырлар жыйнагына ошол учурдун саясий жана социалдык маселелери, тарыхый жана диний темалар камтылган. Түркия ичинде өтө көп окурмандары болгон бул жыйнак азыр да изилденип, жаңы басмалары чыккан. 2011-жылы акындын урматына Түркияда “Мехмет Акиф жылы” деп жарыяланып, анын “Сафахат” жыйнагы дүйнө тилдерине которуу проектиси кабыл алынган.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда түрк элдерине таанымал түрк акыны жана ойчулу Мехмет Акиф Эрсой тууралуу учкай кеп болду. Анын чыгармаларына кызыгуу жаралган болсо жана 19-кылымдын Түркия тарыхына кененирээк кызыктар болсоңуз анда “Сафахат” ырлар жыйнагын барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар