Буларды билесиздерби?

«Баткак ваннасы»

1462199
Буларды билесиздерби?

Урматтуу угармандар, баткак ваннасынын бир топ ооруга пайдалуу экенин жана Түркиянын баткак ваннасы жактан мүмкүнчүлүгү көп аймакта орун алганын билесиздерби?

Түркиянын түрдүү аймактарында арашандар, табигый булак суулары, топурактын составындагы минералдар, суулар тоолордон, дарыялардан алып келинип өзүнчө бир аралашма даярдалат. Бул атайын баткактар менен жана табигый арашан суулары менен даярдалган баткак ваннасы бир топ оору үчүн абдан пайдалуу.

Баткак ванналардын клеткалардын жаңыланышы, гормондордун  тең салмактанышы, кан айлануусун иретке салуу, иммунитетти көтөрүү сыяктуу таасири бар. Өзгөчө чарчаганда, стресс, ревматизм ооруларынан пайда болгон булчуң жана сөөк ооруларын айыктырууда да колдонулат.

Түркиянын эң көп билинген баткак ванналары Мугла, Афьонкарахисар, Чанаккале, Манисада. Бул баткак ванналарына  келген чет элдик туристтер да чоң кызыгуу көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар