Идлибде провокация

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1460765
Идлибде провокация

Сирияда чоң масштабдагы кагылышуулар болбогон мезгилдерде да күтүлбөгөн жерден  маанилүү абалдар чыгып, бир топ ички жана тышкы актерлор өз кызыкчылыгынын негизинде  аскердик жана саясий кыймылдарды кылып, күчтөнүүгө аракет кылууда.      Сегиз жылдан бери   Сириядагы жарандык согуш динамикалуу бойдон жолун улантууда. Кээ бир актерлор өз кызыкчылыгына оюн курууга аракет кылып жатса кээ бирлери да  мунун алдын тосуу менен өлкөдөгү хаоско инвестиция салууну улантууда. Акыркы мезгилдерде Идлибде  Түркия  - Россия биргелешкен күзөтүнүн бутага алынышын ушул мааниде кароого болот.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин.

Оппозициячылдардын акыркы чеби болгон жана 3 ,5  миллион киши жашаган Идлиб режим жана колдоочуларынын бутасы болду, чыккан кагылышууларда жүз миңдеген киши жерлеринен кетип, жүз мидегени каза болду. Бул кол салуулар  Түркиянын кийлигишүүсү менен токтотулду. Түркия менен Россиянын ортосунда түзүлгөн бир макулдашуу менен да  ок атышпоо түзүлдү. Ушунун негизинде түрк жана орус аскерлери стратегиялык М4 кургактык жолунда күзөттү баштап, кадам кадам бул аянтты кеңейтип жаткан.

Идлиб аймагында болгон  20 -  биргелешкен күзөттүн Бадамага жетүүсү менен ишке ашырлагн 21 -  биргелешкен күзөттүн Москвада белгиленген күзөт багытын толугу менен камтышы жана орток күзөттөрдүн ийгиликтүү болушу күтүлүп жаткан. Бирок күзөт багытында орус аскерлерине каршы бомбалуу кол салуу болду жана Түркия менен Россия макулдашкан күзөт багыты толугу менен аткарыла албады.

Кол салууну «Хаттап Шишани» аттуу террордук уюм аткарды. Уюм колдонгон ат «Хаттап Шишани» Россия үчүн абдан маанилүү. Акыйкаттан да чечендерди жактаган бул уюм; Россияга түздөн түз кабар бергендей. Керек болсо Идлибде керек болсо Сириянын башка оппозициячыл аймактарында "Хаттап Шишани" деп билинген бир уюмдун  болбогонун карап чыкканда алдыбызга маанилүү бир суроо чыгууда. Кагаз жүзүндө курулганы билинген бул уюмдун Хураседдин аттуу Аль Каида менен байланыштуу бир уюмдун кол салууну ишке ашыруу ыктымалы ортого чыгып, Түркия  - Россия макулдашуусун бузууну максат кылган үчүнчү бир актердун иши болушу мүмкүн экени да эске келген башка бир божомол.

Акыйкаттан да Россиянын аба күчтөрү Идлибдеги кол салуудан кийин бир топ аба кыймылын ишке ашырып, Идлибдеги оппозициячыл элеменеттерди бомбалап, ошол эле учурда Баб шаарын да атып бир канча жарандын каза болушуна себеп болду. Россиянын аскерлерине карата кол салууну мүмкүнчүлүккө айландырып, Түркияга жардам берген оппозициячылдарды бобмалашы Москва келишиминин канчалык морт экенин көрсөтүп, Сирия аянтында Түркия менен Россиянын оюн курушуна тоскоол болууга аракет кылган  ички жана тышкы актерлордун да бош отурбаганын жана провокациялык кыймылдар менен процессти манипуляция кылууга аракет кылганы дагы бир жолу байкалды.



Тектеш кабарлар