Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышуу

Евразия күндеми-30

1460989
Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышуу

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышуу тууралуу сөз кылабыз.

 2020-жылдын 12-июлунда Армения ок атышпоо келишимин бузуп чабуул жасагандыктан Азербайжан-Армения чек арасында кагылышуу болду. Азербайжандын Товуз аймагындагы чек арада башталган кагылышуулар алигиче токтой элек. Аталган эки өлкөнүн ортосунда акыркы жолу 2016-жылдын апрель айында чоң кагылышуу болгон эле. Чек арадагы акыркы кагылышууларда Азербайжандан 1 генерал баш болгон 12 аскер кызматкеринин жана 1 жергиликтүү жарандын каза болгондугун расмий бийлик тастыктады. Армения болсо 4 жоокеринин каза болгондугун билдирди. Бирок бул сандын чындыктан узак экендиги Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн кагылышуулар боюнча жарыялаган видеолорунан ачык эле байкалып турат. Армениянын чек арадагы кагылышууларды Жогорку Карабахтан башка аймактарга да жаюуга аракет кылып жатканы, Армян бийлигинин жаңы ыплас оюнду баштоону пландап жаткандыгынан кабар берет.

Кагылышууларда шейит болгон жоокерлерди акыркы сапарга узаткандан кийин, Азербайжан калкы көчөлөрдү толтуруп, Карабахтын кайтарылып алынышы үчүн ири митингдер өткөрүштү. Акыркы күндөрдө өз ыктыяры менен армияга баруу үчүн тизмеге жазылган жарандардын саны 25 миңден ашты. Азербайжандыктар Карабахты кайтарып алуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга даяр.

Соңку жылдарда Жогорку Карабахтын эл аралык террористтердин очогуна айланып кеткендиги жана Жакынкы Чыгыштан келген террористтердин ал жерде машыгып жаткандыгы тууралуу кептер айтылып келет. Бул кептер олуттуу түрдө иликтениши керек. Болбосо Азербайжан армиясы жакынкы келечекте Карабахта дүйнөнүн ар кыл аймагындан келген, акча үчүн согушкан жанкечтилер менен күрөшүп калышы ыктымал.

Чек арада болуп өткөн кагылышуулардан кийин Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Тышкы иштер министри Эльмар Меммедъяровду кызматтан алды. 2004-жылдан бери бул кызматты аркалап келе жаткан Меммедъяровдун кызматтан бошотулушу, Азербайжан бийлигинин тышкы саясатта, өзгөчө Карабах маселесинин чечилиши боюнча мындан да активдүүрөөк тышкы саясат жүргүзүүнү көздөп жаткандыгын көрсөтүп турат.

Чек арадагы кагылышуулардан кийин Армения толук кандуу мүчөсү болгон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунан өзү күткөн колдоонуу ала албады. Түрк Кеңеши болсо Азербайжанды колдогон билдирүүсүн заматта жарыялады. Ирандан башка кошуналары менен мамилеси начар болгон Армения, эгер согуш башталып кетсе аябай оор абалга кириптер болот.

Жогору Карабах басып алынгандан бери аймакта жана дүйнөдө көп нерсе өзгөрдү. Азербайжан коргонуу тармагында Армениядан алда канча мыкты абалда. Түркия кагылышуу күчөп кете турган болсо Азербайжанга керектүү бардык көмөктү көрсөтө тургандыгын жарыялады. Түркиянын акыркы убакта башка мамлекеттерде жүзөгө ашырган ийгиликтүү аскердик операцияларын дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жакшы билишет.

Арменияда Никол Пашинян бийликке келгенден кийин Россия-Армения мамилелери салкындап кеткени байкалууда. Армения бийлиги кагылышуу күчөп кете турган болсо түндүк тарабындагы колдоочусунан күткөн жардамды ала албай калышы ыктымал. Ошондуктан баскынчы Армения провокациялык кадамдар таштоодон мурда жакшылап ойлонушу керек.

Карабах маселесин чечүү үчүн түзүлгөн Минск группасынын ишке жарабай калгандыгы көрүнүп турат. Маселени чечүү үчүн Түркия катышкан жаңы эл аралык механизм иштелип чыгышы керек. Мисалы, Астана үчилтиги бул маселеге кайрылышса болот. Анткени Карабах маселесинин чечилиши бул үч мамлекетти түздөн-түз кызыктырат.

Кыскасы, адилеттүүлүк орногонго чейин, башкача айтканда Карабах кайтарылып алынганга чейин күрөш улана берет.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар