Төрт жылдан кийин 15 -  Июль

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын пикири.

1456494
Төрт жылдан кийин 15 -  Июль

          

2016 -  жылы 15 -  июль күнү шайланган өкмөттү кулатуу үчүн ФЕТӨ тарабынан уюштурулган бирок ийгиликсиз болгон аскердик сокку кыймылынан бери төрт жыл өттү.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Соккунун ийгиликсиз болушунун артында бир топ себеп бар. Булардан эң негизгиси элдин соккуга тоскоол болуу үчүн көчөлөргө чыгып козголоңчулардын алдында тайманбастан турушу эле. Натыйжада эл ийгиликтүү, козголоңчулар ийгиликсиз болушту. Саясаттын козголоңчуларга карата мамилеси да козголоңдун ийгиликсиз болушунун артында орун алган негизги бир себеп эле. Акыйкаттан да 2007 -  жылы 27 -  апрелде түрк куралдуу күчтөрүнүн өкмөткө карата катуу билдирүүсүнө  жарандык өкмөт да катуу каршылык көрсөтүп, берилген билдирүүлөрдүн аскердин милдетин ашкан кыймыл экени айтылган. Бул жарандык саясаттын дагы да күчтөнүшүнө себеп болгон жана жаран  - аскер карым  - катнашынын демократиялашуусу жактан тарыхый бир мезгилди ачкан.

15 -  июлдан кийин түрк ички жана тышкы саясатында бир топ маанилүү абалдар ортого чыкты. Ички саясатта козголоң кыймылынын дароо артынан башталган ФЕТӨдөн тазалоо процесси ийгиликтүү түрдө башкарылды. Эң башта коопсуздук болуу менен адилеттик, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу орчундуу тармактарда ФЕТӨ менен байланышы болгон кишилер позицияларынан алыстатылды ; бир тобу да соттолуп күнөөлүү деп табылды. Булардан эң негизгиси түрк куралдуу күчтөрүнөн алыстатылган  кишилер эле. Негизги орундардагы аскердик кызматкерлер кызматынан алынды жана армиядан чыгарылды. Ушундай эле коопсуздук уюмунда иштеген жана ФЕТӨ менен байланышы болгон миңдеген полиция ишинен чыгарылды.

15 -  июлдан кийин коопсуздук секторунда жүргүзүлгөн  реформалар да турмуштук жактан маанилүү эле. Ушунун негизинде жандармерия жана жээк коопсуздук командирликтери ички иштер министрлигине карап, башкы штабдын төрагасынын күч командирлеринин ролу алмаштырылып, Улуттук коргоо министрлиги дагы көп алдыңкы планга чыгарылды. Коопсуздук бюрократиясынын ФЕТӨдөн тазаланышынын жана коопсуздук сектору реформасынын биринчи жыйынтыгы террор менен күрөшүүдө болду. Ичкериде ПККга карата дагы активдүү стратегия турмушка ашырылса, Сирияда ДЕАШка каршы Евфрат калканы кыймылы баштатылып эки террордук уюмдун активдүүлүгү минималдаштырылды.

Ички саясаттагы абалдар дагы да маанилүү эле. 2017 -  жылы 16 -  апрелде болгон референдум менен Түркияда өкмөт системасы алмашып президенттик  системага өттү. Бул өзгөрүүлөр менен парламентардык система акырына чыгып, андан кийин болгон биринчи шайлоодо Түркия жаңы системаны толугу менен ишке ашыра баштады.  

Тышкы саясатта болсо 15 -  июль дээрлик бир тыныгууга алып келди. 15 -  июлдан мурун күчтүү армиясын Сирия кризиси себеп болгон коопсуздук маселелерин минималдаштыруу үчүн колдонууда кыймылсыз болгон өкмөт козголоң кыймылынан бир айдан кийин Сирияда ДЕАШ террордук уюмуна карата аскердик операция жүргүздү. Бул операциянын жыйынтыктары Түркиянын Сирия саясатында да жаңы бир мезгилге кирүүнүн белгиси эле. Евфрат калканы операциясы менен ДЕАШты чек арасынан тазалаган Түркия террордук уюм ПККнын Евфраттын батышында болушун мүмкүн эмес абалга алып келди. Акыйкаттан да «Евфрат калканы» кыймылынан дароо эле кийин бул жолу бута түздөн түз ПКК болду. 2018 -  жылы 20 -  январда башталган Африн операциясы менен ПКК Афринден чыгарылды. Ушундайча Түркия Сирия кризисинде дагы активдүү роль ала баштады. 2019 -  жылы октябрь айында жүргүзүлгөн Тынчтык  булагы» операциясы менен ПККны Евфраттын чыгышында да бутага алган Түркия ушундайча ПККнын Сирияда активдүү болушунун жана түндүктө бир мамлекет курушуна тоскоол болууда ийгиликтүү болду. Идлиб кризисинин чечилиши үчүн да инциатив көтөргөн Түркия 2020 -  жылы мартта Сирия режимине Идлибде оор  сокку урду. Бул бардык аскердик кыймылдар Түркиянын 15 -  июлдан кийинки дипломатия столунда дагы активдүү болушуна мүмкүнчүлүк түздү.

Бул абдан маанилүү болгон башка бир жер да Ливия эле. Ливия кризисинде 2011 -  жылдан бери дипломатия методдорун тандаган Түркия 2019 -  жылы 4 -  июлда БУУ тарабынан  кабыл алынган мыйзамдуу Триполи өкмөтүн кулатууга аракет кылган Хафтерге каршы Улуттук ынтымактык өкмөтүн  колдоду. Ушунун негизинде Улуттук ынтымактык өкмөтү менен бир келишимге кол коюп Хафтер күчтөрүнүн Триполини колго алышына тоскоол болду.  Андан кийин Хафтерди артка чегинтип Ливия аркылуу аймакта турмушка ашырууга аракет кылынган оюнду толугу менен бузду. Жыйынтык катары 15 -  июль бир топ жактан Түркия үчүн тыныгуу учуру эле. Ички саясатта чыдамдуулугун арттырган Түркия тышкы саясатта да дагы активдүү жана көз карандысыз кыймыл кыла баштады. Албетте бул активдүүлүк менен чыдамдуулук Түркиянын атаандаштарынын дагы көп чолугушуна мүмкүнчүлүк түздү жана Түркия өзгөчө Жакынкы Чыгышта геополитикалык бир кысым менен беттешти. Бир тараптан Батыш; өзгөчө да АКШ менен 15 – июлдан кийин оңдолушу кыйын болгон кризистер болду.

15 -  июлдан төрт жылдан кийин Түркия бир топ каршы чыгуулар менен бетме  - бет келди бирок артта калган төрт жылдагы аракеттери бул каршы чыгууларды ашуу үчүн ага керектүү энергияны сарптоодо. Бул энергия коопсуз жана  тышкы саясатта активдүү жана  демократиялык  Түркия үчүн бир мүмкүнчүлүк катары көрүлүшү керек.



Тектеш кабарлар