Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-101

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Недим жана анын чыгармачылыгы

1453702
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-101

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусунда 18-кылымда жашап өткөн белгилүү диван акындарынын бири – Недим жана анын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.

16-17-кылымдар түрк диван адабиятынын эң жемиштүү доорлору деп бааланат. Ага чейинки такшалуу доорунан өткөндөн кийин дүйнөгө таанымал белгилүү акын-жазуучулар мына ушул кылымдарда өсүп чыгышкан. Ошол доорлордун батыш түрк адабияты Диван жана чыгыш түрк адабияты Чагатай адабияттары үзөңгүлөш болуп өнүгүп келген. 18-кылымда эки тарапта тең бир топ өзгөрүүлөр болгону байкалат. Мурункудай өлчөмгө салынган адабий калыптын сыртына чыгып, бул доордо жаңыча ыр саптары жазыла баштаган. Башкача айтканда, арап жана фарс тилинен кирген түшүнүктөр жана сөздөрдүн ордун түркчө сөздөр алып жаңыча агым башталган. Бул доордун чыгармалары мурунку доорлорго караганда аздык кылса да Недим сыяктуу улуу акындар жашап өткөн. Ал 18-кылымдын түрк поэзиясынын улуу устаты деген наамга татыктуу. Недимдин өз аты Ахмет болуп, ал Стамбул шаарында төрөлгөн. Недим тектүү үй бүлөдөн чыккан жана татыктуу таалим-тарбия алып, доорунун билимине терең сүңгүп, арап, фарс тилдерин өтө жакшы үйрөнгөн. Жаштайынан чыгармачылыкка шыгы болгон Недимдин бул тилдерди үйрөнүшү анын чыгармачылынын улуу даражага жетишине өбөлгө болгон. Недим медиресени мыкты аяктап, ал жердеги сынактан жакшы өтүп ошол доорлордо популярдуу болгон медресенин мугалимдик даражасына жеткен. Тарыхта “Жоогазын доору” деп аталып калган бул доор - маданият, адабият жана искусствонун өтө өнүккөн убагы болгон. Ошол доордун падышасы III-чү Мурат жана анын күйөө баласы Ибрахим Пашанын таасири өтө чоң болгон. Алар чыгармачылыкка маани берип сарай жыйындарында дайыма илимпоздор жана акын-жазуучуларды кошо катыштырышкан. Ибрахим Паша илимий комитет түздүрүп, аларга башка тилдерден котормо жасатып турган. Мындан сырткары, китепканалар курулуп жана эң маанилүүсү китеп басмаканаларды ачып илимге кеткен жолго чоң салымын кошкон. Недим Ибрахим Пашанын ушул иш аракеттерине кошулуп котормо комитетинде да иштеген. Андан сырткары аны акын катары тааныткан “кыта” жана “касиде” сыяктуу ыр түрлөрүн жазган. Окуучулук жылдары аяктаганда Недим алгач медресеге мугалим болот, кийин Махмут Паша судьянын орун басарлыгына дайындалган. Мугалимдик жолунда да өтө тез көтөрүлгөн. Молдо Кырымий медресеси жана Нишанжы Пашайы Атык медреселеринде кызмат өтөгөн. 1730-жылы Секбан Али Паша медресесинде иштеп жаткан учурунда “Жоогазын доорун” оодарган “Патрона Халил” деп аталган саясий төңкөрүш башталган. Тарыхый маалыматтарган караганда, мына ушул төңкөрүштөн качып үйүнүн жогорку кабатынан жерге кулап каза болгону айтылат. Тактап айтканда, доорунун улуу акыны Недим 1730-жылы бул дүйнөдөн кайткан.

Недимдин эң чоң чыгармасы “Недими Диваны” деп аталат. Азыркы учурда анын төрт нускасы сакталган. Дивандын ичинде отуз сегиз “касиде” деп аталган көлөмдүү одасы, алтымыш куплеттен турган тарыхый ыры, казал, рубайи, ыр, бейит деп аталган ыр түрлөрү камтылган көлөмдүү чыгарма. Акындын кийинки чыгармасы Ахмет Ашык эл-Мевлевий аттуу тарыхчынын арапча тарыхы которулган “Сахайифул-Ахбар” аттуу котормосу болгон. 1132-жылы курулган котормо комитетинде ушул чыгарма Недимге берилип, бул көлөмдүү чыгарманы ал он жылда бүтүргөн. Мындан кийинки котормосу “Айни тарыхы” деп аталып, ал 24 томдон турган арапча Ислам тарыхы болгон жана комитеттин ичиндеги жазуучулар менен биргелешип которгон. Булардан сырткары “Сафайи Тезкиреси” деп аталган диванын көрүүгө болот. Кимге жазганы белгисиз “Кат” деп аталган ыр саптарына толгон дагы бир чыгармасынын жанында, “Нигар-наама” деп аталган чыгармасы акындын бул өмүрдө келечек муунган таштап кеткен мурастары деп айта алабыз.

Акын Недимдин чыгармаларын тескей келсек анын ыр саптарындагы сөздөрү жөнөкөй куралган. Акынды акын кылган даражасы ошол ыр саптарында колдонулган түрк тилин өтө кылдаттык менен колдонуп, өз оюн ийнине жеткире айткандыгында жатат. Анын ырлары музыка коштоого ылайык жаралгандай тизмектелген. Недимдин атын өчүрбөй келген ырларынын дагы бир сыры – ошол доордун турмушунан кабар бергендигинде. Анын ырларында элдик адабияттын элементтерин көрүүгө болот. Ошол доордун Стамбулдагы санаттан алыс чыныгы жашоодон кабар берип, элдин күнүмдүк урунган сөздөрүнөн баштап макал-лакаптарына чейин поэзиясында колдонгону кийинки муунга чоң таасирин тийгизген.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү уктуруубузда диван адабиятынын соңку жылдарында жашап өткөн улуу акын Недим тууралуу учкай кеп болду. Анын чыгармалары азыр да болсо адабий чөйрөдө кызуу изилденип келмекчи. Эгерде акындын чыгармаларына жана 18-кылымдын диван адабиятына кызыктар болсоңуздар анын китептеринин котормолорунан окуп чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар