Ливия  теңдемесиндеги акыркы абал

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1452311
Ливия  теңдемесиндеги акыркы абал

 Түркиянын    Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн кийлигишүүсү менен бардык абалдар өзгөргөн Ливияда аскердик жана саясий абалдар ортого чыгууда. Түрк куралдуу күчтөрү колдогон Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү Сирте жана Жуфра   шаарларын алуу үчүн көпкө созулган даярдык көрүп, бул аймактардын тегерегинде жайгашып, бир тараптан абадан коргонуу системалары менен күчүн бекемдөө аракетинде. Хафтерге караштуу куралдуу күчтөр Россиянын Сирия аркылуу Жуфрага жиберген аскердик учактары менен бирге Бириккен Арап Эмираттарынын финансылоосу менен Асад режимине караштуу куралдуу күчтөрдүн аймакка алып келиниши менен аскердик мааниде чыдамдуулукту көрсөтүү аракетинде. Аскердик абалдар менен бирге дипломатия тармагында да Ливия абдан кыймылдуу. Түркия менен бирге Франция жана Италия дагы көп өзүн көрсөтүү менен Бириккен Арап Эмираттарынын да багыт бериши менен Египеттеги козголоңчу генерал Абдулфеттах ел  - Сиси  Ливиядагы кагылышууларга кийлигише алышарын ачык түрдө билдирди.

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Ливияда  узун убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышуулардын жүрүшү Түркиянын кийлигишүүсү жана Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнө берген колдоо менен өзгөрүп, Хафтерди колдогон актерлор түздөн түз кийлигишүү аракетине киргенге мажбур болгондой көрүнүүдө. Россия, Франция, Бириккен Арап Эмираттары жана Египет сыяктуу өлкөлөр түзгөн бул коалиция ичтеринде канчалык түрдүү кызыкчылыктарга ээ болушса да негизинен Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнүн Хафтерди толугу менен жеңилүүгө учуратып Ливиянын баарына ээ болууга тоскоол болуу үчүн бири биринин артынан кыймылдарды кыла башташты. Берген негизги алдыңкылыктары дипломатия столун кыймылга келтирип, бир канча убакытка болсо да ок атышпоону түзүп, Хафтер күчтөрүн жеңилүүдөн куткаруу болду. Бул убакыттын ичинде Россиянын көп сандаган аскердик учагын жибериши, Бириккен Арап Эмираттарынын берген финансылык жардамы менен Асад режиминен куралдуу күчтөрдүн Ливиядагы фронт линияларына көчүшү менен артка кетүү токтотулган болду.

Ошол эле Бириккен Арап Эмираттарынын өлкөнүн батышындагы Ватиййе аба базасына абадан кол салышы, тийиштүү коалициянын канчалык чечкиндүү экенин көрсөтүүсү жактан маанилүү болду. Бул өлкөлөр жок дегенде азыркы абалды сактап калуу жана нефть Жарым айы менен бирге Сирте жана Жуфра сыяктуу шаарлардын Улуттук ынтымактык күчтөрүнүн колуна өтүшүнө тоскоол болууну каалап жатат.

Түркия болсо мыйзамдуу өкмөткө колдоо берүүнү улантууда. Акыркы жумада Түркиядан Триполиге жогорку деңгээлде жасалган сапарлар жана андан кийинки кээ бир келишимдер да бул абалды бекемдеп жатат.

Түркия албетте дипломатия менен Ливия аянтында мүмкүнчүлүк берүүнү каалап жатат жана оболу туруктуу ок атышпоодон кийин саясий чечүүчү жол процессинин турмушка ашуусу үчүн аракет кылууда. Бирок бул үчүн 2015 -  жылы Мароккодо түзүлгөн Сухейрат келишими чек арасына бардык күчтөрдүн чегиниши тактап айтканда Сирте менен Жуфра сыяктуу эки орчундуу мааниге ээ аймактын Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнүн колуна өтүшү керектигин ортого салууда. Бирок тараптардын ушул негизде келишүүсү мүмкүн эместей. Алдыбыздагы күндөрдө Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнүн Сиртени колго алышы үчүн кыймыл баштоосун күтсө болот.

 



Тектеш кабарлар