Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-100

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – 16-кылымдын Чагатай диван адабиятынын өнүгүшү.

1449480
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-100

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында 16-кылымда күчтүү адабий жазма мураска ээ болгон Чагатай адабиятынын өнүгүшү тууралуу кеп кылабыз.

Чагатай тили жана адабияты деп улуу Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын наамынан аталып калган. Орто Азияда жашаган түрк тектүү элдердин тилин камтыган кеңири аймакка Чагатай түрк тили жана адабияты деп атайбыз. Учурунда, тактап айтканда 11-кылымда “Түрк тилдеринин сөздүгү” жана “Кут алчу билим” сыяктуу улуу чыгармалар мына ушул аймактарда, Орто Азияда Кашкар түрк тили менен жазылып калган. Ошол доордон баштап жашап келген түрк тектүү элдердин тили орто кылымдардан баштап Чагатай түрк адабиятынын доорун басып өткөн. Монгол жапырыгынан кийин Чыңгыз хандын балдарынын үлүшүнө тийген жерлерде 13-15-кылымдарда маданий борборлор түптөлгөн. 15-кылымдын экинчи чейрегинен баштап Алишер Навои менен бирге классикалык чагатай адабияты доору башталган. Чагатай адабиятынын жана борбордук маданияттын өзгөчө өнүккөн доору 16-кылымга туш келет. Бул доордо маданият жана адабият түрк дүйнөсүнүн Мавереннахр, Харезм, Алтын-Ордо сыяктуу чыгыш жана түндүк аймактык борборлордо өзгөчө өнүккөнүн көрүүгө болот. Бул аймактарда 14-кылымда Кутуп, Харезмий, Рабгузий деген атактуу акындар чыккан болсо, 15-кылымда Алишер Навои, 16-кылымда Бабур Шах, 17-кылымда Абулгазы Бахадыр Хан сыяктуу улуу адабий мурас калтырган инсандар жашап өткөн. Чагатай доорунун алтын доору 16-кылымда Алишер Навои менен башталган. Бул кылымда маданият, искусство жана адабият Харезм, Мавереннахр жана Хорасанда Шейбанийлер, ал эми Индияда Бабурлар тарабынан колдонулуп өнүктүрүлгөн. Бул кылымда өтө кыймылдуу жана оор саясий абалдардын, диний пикир келишпестиктердин болушуна карабастан маданият менен адабият өз нугунда өнүккөн. Анткени 15-кылымда Алишер Навоинин бекемдеп кеткен адабий нугу ошол бойдон 16-кылымда да улана келген. Ушул эле доордо Чагатай аймагында маанилүү тарыхый окуялардын бири Сафевий шия менен Шейбаний сунни масхабдарынын ортосунда чыккан түшүнбөстүктөр болгон. Бул кыймыл менен коомчулукта Кул Кожо Акматттын суфий агымы жанданган. Башкача айтканда анын жазган “Хикмет” аттуу ырларынын калыбында суфий ырлар жазыла баштаган. Бирок эски классикалык диван адабиятынын ордун биротоло ээлей алган эмес.

Түрк илимпозу Ахмет Жафероглунун баамында Чагатай адабияты Тимурлулардын чөйрөсүндө өнүккөн. 15-кылымда басымдуу адабий тил катары фарсча колдонулган. 16-кылымдын алгачкы чейрегинде жетилип чыккан акындар Чагатай тилин да фарс тилин да колдонушкан. Ушундан улам Хусейин Байкаранын доорунда фарс тили менен бирге түрк тили да кеңири колдонула баштаган. Түрк тилинин күчү даңазаланган көлөмдүү чыгармалар мына ушул Байкаранын учурунда жарала баштаган. Алардын ичинде бул доордо түркчө жазылган чыгармалары менен эң чоң салымын кошкон Алишер Навои болгон. 16-кылымдагы Шейбанийлердин доорунда түркчө жазылган чыгармалар аз болгон. Анткени расмий тил фарсча болгон. Ошол эле учурда Индияга өкүмдүк кылган Захируддин Мухаммед Бабурдун чөйрөсүндө расмий тил фарсча болгонуна карабастан түркчө да кеңири колдонулган. Ошол себептен Алишер Навоиден кийинки улуу акын катары Бабур деп айтууга болот. Анын “Бабурнаама” аттуу көлөмдүү чыгармасы түрк тилинде жазылып кеңири таралган жана чагатай тилинин эң көркөмдүү үлгүсү катары бааланат. Бул доордун дагы бир улуу акыны Шейбани хан болгон. Ал адилеттүү өкүмдар жана каламы курч улуу акын катары таанымал. Анын замандашы, жээни Убейдуллах хандын аты да ушул доордун акындарынын катарына кирет. Ал Кул Убейд каймана аты менен суфий түрүндө жазган ырлары менен белгилүү. Ошол кылымдын дагы бир таанымал акыны Шах Меликтин небереси Мухаммед Салих болгон. Ал Шейбаний Хандын эрдигин жана жеңишин даңазалап жазган “Шейбани-наама” аттуу чыгармасы менен белгилүү. Классикалык Чагатай доорунун уландысы деп аталган 16-кылымда булардан башка Мухаммед Али Дербиш, Хайдар Мырза, Мухаммед Катиб, Садыкий Китабдар сыяктуу акын-жазуучулардын дагы чыгармаларын атай өтүү абзел. Негизинен орто кылымдагы түрк дүйнөсүнүн адабиятынын оң канаты Чагатай адабияты болгон болсо, сол канаты Осмон диван адабияты деп айтууга болот.

 Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда Чагатай адабиятынын гүлдөп турган доорунда өнүгүп-өскөн адабий тарыхтан учкай кеп болду. Эгерде ошол доордун адабиятына кызыгуу жаралган болсо анда Ахмет Жафероглу, Кемал Эраслан, Боровков сыяктуу алдыңкы изилдөөчү жана окумуштуулардын чыгармаларын барактап чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар