Ливияда жолдор бөлүнүүдө

СЕТАнын коопсуздук иликтөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1448691
Ливияда жолдор бөлүнүүдө

Ливияда Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн бири биринин артынан келген ийгиликтери бардык тараптардын позициясына кайрадан форма бергени көрүнүүдө. Эми Триполинин коопсуздугу талаш  - тартыш болуудан чыкты. Бул ийгиликтерге  Түркиянын колдоосу менен жеткен Улуттук ынтымактык өкмөтү бир тараптан легитимдүүлүгүн күчтөнтүп, аянтта жаңы ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылган болсо бир тараптан ошол эле колдоо менен  өлкөнүн кайрадан курулушуна карата даярдыктарды көрүүдө. Хафтер күчтөрү болсо кол салуу позициясынан коргонуу позициясына өттү жана негизги максаты  көп аянт жоготпоо болуп жатат. Бир тараптан Хафтер колдоочуларынын күрөштө жеңген тарапта болуу оюу да өзгөрүүгө учурады. Эми толугу менен жоготкон тарапта болбоо үчүн чыгымдарын эң азга түшүрүү жолуна кире баштады. Бул үчүн Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн аскердик алдыга жылышын токтотууга карата аракетке кирди. Мындан мурда процесске аз кийлигишкен АКШ болсо Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн пайдасына карата дагы активдүү мамиле кыла баштады.

СЕТАнын коопсуздук иликтөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Акыркы абалдар боюнча Ливиядагы жерлерди текшерүү, акыркы эмес ; убактылуу мүнөздө. Бирок абалдардын кандай багытта экени, тараптардын жабык же ачык түрдө жарыялаган кызыл сызыктары жана бул сызыктардын кандай ашылары менен байланыштуу. Улуттук ынтымактык өкмөтү жана аны колдогон негизги актер болгон Түркия үчүн кызыл сызыктар Сирте менен Жуфраны камтый тургандай бирок аны менен эле чектүү калбай тургандай так: козголоңчу куралдуу топтордун жана жалданма аскерлердин текшерүүсү астындагы жерлерден чыгарылышы менен  жалпы Ливияда мамлекет бийлиги курулуп саясий жана экономикалык ырааттуулуктун түзүлүшү. Бул максатты ишке ашырып жатып экономикалык ырааттуулукту түзүү. Бул максатты ишке ашырып жатканда дипломатиялык жана саясий сүйлөшүүлөр эч бир баскычта четке кагылбастан, керек болгон учурда аскердик методдор колдонулууда. Аянттагы ийгиликсиздиктеринен кийин эми Хафтердин жеке кызыл сызык белгилөө мүмкүнчүлүгү калган жок. Анын ордуна кызыл сызыктар түздөн түз же кыйыр түрдө колдоочулары тарабынан сызылууда. Мисалы Россия Ливияда расмий түрдө аскер жыйбаганын  айтса да Вагнер аркылуу Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн Сирте жана Жуфраны көзөмөлгө алышына тоскоол болуу үчүн акыркы мезгилде Хафтер күчтөрүнө аскердик  учактарын трансфер кылган.

Франция болсо Хафтерге көптөгөн жылдардан берки инвестицияларынын жообун ала албай турганын байкап, жок дегенде бир бөлүгүн куткарып калуу үчүн аракетке өттү жана бир тараптан ок атышпоо чакыруусун кайталап, бир тараптан Хафтердин артка чегинишинде негизги фактор болгон Түркияга карата күнөөлөгөн тил колдонууда. Максат Түркияны Ливия процессинен изоляциялоого аракет кылуу. Франциянын бул мамилесинде эч шексиз Ливия менен Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги күч күрөшүндө жоготкон геоплитикалык абалынын да таасири бар.

Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабия болсо процессте алдыңкы планга чыгууга аракет кылуу менен Египет жана Арап лигасы аркылуу Ливиядагы  жоготууларын азайтууга жана теңдик ичинде калууга аракет кылууда. Бул жерде Египеттин Бириккен Арап Эмираттары жана Сауд Арабия менен болгон экономикалык жана саясий көз карандылыгынын да таасири менен акыркы абалдарга карабастан түздөн түз бир мамилени ортого салганын айтууга болот.

Улуттук ынтымактык өкмөтү күчтөрүнүн Ливиянын батышын толугу менен текшерүү астына алышынан кийин Сирте менен Жуфраны алууга карата «Жеңиш жолу кыймылын» баштаган  6 -  июнда аракетке өткөн Сиси башкаруусу ошол эле күнү Хафтер менен Акиле Салих менен бирдикте Каирде чогулуп ок атышпоого чакырып жана саясий процессти баштоону сунуш кылган. «Каир билдирүүсү» деген ат менен сунушталган бул сунуш бардык Хафтер колдоочулары тарабынан да күчтүү түрдө колдоого алынган. Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн Сирте жана Жуфра бошотулгандан мурда ок атышпоонун болбой турганын билдириши жана бул аймактарда операция даярдыгын улантышы менен бир кыймыл дагы кылган Сиси 20 -  июнда Сирте менен Жуфраны Египеттин «кызыл сызыгы» деп жарыялаган жана бул аймактардын башкаруусун алмаштырышы менен Ливияга карата аскердик кийлигишүүдө болушу мүмкүн экенинин белгисин берген.

Келинген жерде Ливиядагы жана аймактагы күч бөлүштүрүүнүн кайрадан калыптандыра турган абалга келиши качылгыс. Алдыбыздагы күндөрдө Ливиянын тагдырын белгилей турган абалдар чыгышы мүмкүн. Ливиядагы абалдар эч шексиз аймактагы абалдарды да калыптандырат.



Тектеш кабарлар