Буларды билесиздерби?

Көгүлтүр байрак.

1448245
Буларды билесиздерби?

Түркиянын 486 Көгүлтүр байрактуу пляжынын бар экенин билесиздерби?

Көгүлтүр байрак пляж жана яхта пристандарына берилген, эл аралык бир экология сыйлыгы. Бул сыйлык бир гана пляждар үчүн эле эмес, ошол эле учурда яхта пирстандары менен яхталарга да берилет. Көгүлтүр байрак пляж жана яхта пристандарына экологиялык маани берилгенин, экология  аң  - сезиминин пайда болушуна карата иш чаралардын аткарылганын, деңиз суусунун тазалыгын, пляж же яхта пристандарын колдонгондордун муктаждыктарына жооп бере тургандай түрдө камсыздалганын, коопсуздукка ээ экенин көрсөтөт.

Даниянын борбор шаары Копенгагендеги Эл аралык экологиялык билим берүү фондунун 2020 -  жылы Көгүлтүр байрак иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда Түркия Испания жана Грециядан кийин дүйнөнүн эң көп Көгүлтүр байрактуу үчүнчү өлкөсү...

Түркияда бул жылы сыйлык алган пляж саны 486га жогорулап, 22 яхта пристаны менен 7 яхта да Көгүлтүр байрак сыйлыгын алуу укугуна ээ болду. Түркиянны Көгүлтүр байрактуу пляж жана яхта пристандары Анталия, Мугла, Айдын, Измир, Балыкесир, Стамбул, Самсун, Чанаккале, Кыркларели, Кожаели, Дүзже, Орду, Мерсин жана Ван облустарында.



Тектеш кабарлар