Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-99

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – 16-кылымдын классикалык түрк адабиятынын өнүгүшү.

1445772
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-99

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында орто кылымда күчтүү адабий жазма мураска ээ болгон классикалык Диван Түрк адабиятынын өнүгүшү тууралуу кеп кылабыз.

Орто кылымдагы түрк тектүү элдеринин жазма адабий тарыхына көз чаптырганыбызда батышта Диван адабиятынын жана чыгышта Чагатай адабиятынын өтө өнүккөнүн көрүүгө болот. Өзгөчө 16-кылым диван адабиятынын гүлдөп турган кези болгон. Башкача айтканда адабиятта “алтын доор” деп да аталган. 16-кылымда Стамбул сыяктуу Осмон империясынын маданий борборлорунда чыгармачылыктын, илимдин жана изилдөөнүн жандуу кыймылын байкоого болот. Ошол доордо саясий жана аскердик нукта ийгиликтерге жетишкен Осмон империясынын падышалары баш болуп сарайдагы чоң кызматтагылар адабият жана искусство жаатына колдоо көрсөтүшкөндүктөн бул жааттын өнүгүшүнө да өбөлгө түзүлгөн. Ал эле эмес - улуу Явуз Султан Селим, Кануний Султан Сулайман жана III-чү Мурат сыяктуу Осмон падышалары өздөрү ыр жазып жана поэзия жыйындарын өткөрүп турушкан. Мына ушул себептен ошол доордо адабият өсүп-өнүккөн. Фузули жана Бааки сыяктуу классикалык түрк адабиятынын дөө-шаалары ушул доордо жашап өткөн. Мындан сырткары адабий чөйрөдө кеңири таанылган Заати, Невий, Ташлыжалы Яхйа мырза, Лаамий, Гелиболулук Али, Кемал Пашазаада сыяктуу улуу акындар да ушул “алтын доордо” чыгармаларын жазып калтырышкан. Падышалардын жана башка сарайдагы улуу инсандардын адабиятка, искусствого болгон жылуу мамилелери чыгыштан жана батыштан дин адамдарын, илимпоздорду, акын-жазуучуларды, инженерлерди, кол өнөрчүлөрдү Стамбул сыяктуу маданий борборго тартып турган. 15-кылымда Фатих жана Байезит падышаларынын доорунда башталган бул кыймыл 16-кылымда Осмон империясынын бир топ маданий борборунун өнүгүшүнө жол ачкан.

16-кылымда адабиятты өнүктүрүү иш-чаралары төрт агым менен жүргүзүлгөн. Биринчиси, падышалардын, экинчиси, шахзаадалардын, үчүнчүсү, сарайдагы улуу инсандардын, төртүнчү пашалардын жана бектердин өткөрүп турган адабий жыйындары адабий чыгармачылыкты өнүктүрүү агымдарын түзгөн. Бул жыйындар падышалардын сарайында жана Стамбул сыяктуу маданий борборлордо жүргүзүлүп турган. Шахзаадалардын сарайларындагы адабий жыйындар “санжак” деп аталган шахзаадалардын таалим-тарбиясын уланткан атайын шаарларда өткөрүлүп турган. Мисалга алсак, мындай борборлорго Эдирне, Кония, Амасия, Маниса, Трабзон, Күтахия сыяктуу учурдагы Түркия мамлекетинин чек арасы ичиндеги шаарлар кирсе, Багдад, Үскүп, Каир, Шам, Босния, София, Белград, Призрен, Приштина сыяктуу Осмон империясынын ошол доордогу шаарларын да кошууга болот. Баш вазир, вазир жана аскер башчылары сыяктуу сарай кызматчыларынын адабий агымы кайсы жерде кызмат өтөгөнүнө байланыштуу ошол жерде өнүгө берген.

Башаты 13-14-кылымдардан баштап түптөлө баштаган түрк адабияты 15-кылымда жетилиген жана 16-кылымда ага чейин үлгү болуп келген арап, фарс адабияттарынын таасиринен чыгып өз нугунда өнүгө баштаган. Башкача айтканда Фузулий, Бааки сыяктуу улуу акындардын жаңыча түрк адабий агымы менен жазылган чыгармалары адабиятка эркиндик алып келген. Бул доордо Анадолудан сырткары чыгышта Чагатай адабиятынын да өнүккөнүн көрүүгө болот. Поэзиянын тили арапча, фарсча жана түркчө аралаш колдонулгандыктан “Осмон түркчөсү” деп аталган жазма тили калыптанган. Бирок мына ушундай тил менен жазылган поэзияны карапайым калк түшүнбөй калуусунан чочулаган кай бир акындар “жөнөкөй түрк тили” деген агымда ырларын да жазышкан. Бирок улуу акындар “Осмон түркчөсү” менен жазгандыктан көпчүлүктүн көңүлү ошол тарапка бурулган. Ал учурдун акын-жазуучулары адабий үрп-адатка айланган “каймана аттары” менен ырларын чыгарышкан. Ал эми жазылган ырлардын көлөмүнө, ыр саптарына жана ыр калыптарына жараша ар биринин өз аты болгон. Мисалга алсак, эки сап ырдан куралган жана көлөмдүү чыгармаларга “Казал”, “Касииде”, “Месневи”, “Кыта”, “Мүстезат” деп аталган болсо, төрт саптан куралган ырларга “Рубаи”, “Туюк”, “Мурабба”, “ыр”, “Терби” жана башка ушул сыяктуу аттар менен белгиленген. Албетте булардын ар биринин жазылыш өзгөчөлүктөрү менен адабий куралдары да болгон.

Осмон империясынын улуу падышасы Кануний Султан Сулаймандын бул дүйнөдөн көчүшү менен II-чи Селим, III-чү Мурат доорунда баш вазир Сокуллу Мехмет Паша мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошкон жана Осмон империясынын “алтын доорун” уланткан. Бирок 16-кылымдын аягында мамлекеттик системанын кай бир бөлүмдөрү чөгө баштаган жана 17-кылымда мамлекеттин өнүгүү курамынын үзгүлтүгүн байкоого болот. Албетте бул абал искусство менен адабиятка да терс таасирин тийгизген. Ошондуктан тарыхта 16-кылым диван адабиятынын өнүгүшүнүн туу чокусуна жеткен доору деп жазылып калган. Ал доордун чыгармалары классикалык чыгармаларга айланып, дагы да болсо бир топ илимий жаатта изилденип келет.                                                              Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда Осмон империясынын гүлдөп турган доорунда өнүгүп-өскөн адабий тарыхтан учкай кеп болду. Эгерде ошол доордун адабиятына кызыгуу жаралган болсо анда Фуат Көпрүлү, Искендер Пала, Мустафа Узун, Агах Сырры Левент сыяктуу алдыңкы изилдөөчү жана окумуштуулардын чыгармаларын барактап чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.

 



Тектеш кабарлар