БУУга түрк төрага келди

Евразия күндеми-26

1443923
БУУга түрк төрага келди

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиядан талапкер болгон Волкан Бозкырдын БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы болуп шайланышы тууралуу сөз кылабыз.

Өткөн жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагалыгына Түркия тарабынан талапкер катары Волкан Бозкыр көрсөтүлгөн эле. 2020-жылдын 17-июнь күнү ардактуу элчи Волкан Бозкыр, 192 мамлекеттин арасынан 178инин колдоосун алып БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги 75-төрагасы болуп шайланды. Түрк тектүү дипломаттын мындай абройлуу кызматка шайлангандыгы сыймыктандырат.

Бозкырдын өзү да белгилеп өткөндөй эле, шайлоо өнөктүгү жеңил болгон эмес. Анын талапкерлиги Батыш Европа жана башка мамлекеттер группасында жактырылганына карабастан, Греция, Түштүк Кипр жана Армениянын душманча мамилесинен улам, төрага тандоо иш-чарасы добуш берүү аркылуу чечилген. Буга чейин БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы делегаттардын кол чабуулары аркылуу шайланып келген болчу. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Түркияга душман болгон мамлекеттер жеңилүү ызасына кабылышты.

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын (ТУУЖ) Тышкы иштер комиссиясынын төрагасы кызматын аркалаган Волкан Бозкыр, 1972-жылдан баштап ар кыл дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Бозкыр, көбүнчөсү Батыш мамлекеттеринде иштегенине карабастан, аткарган кызматынан улам Евразия аймагындагы мамлекеттер менен да жакын иш алып барган. “Түркия-Россия жарандык форумунун” тең төрагасы болгон.

ТУУЖнын Тышкы иштер комиссиясынын төрагасы катары Бозкыр, Евразия мамлекеттери менен эки жана үч тараптуу жыйындар уюштурган. Евразия мамлекеттеринин Анкарадагы элчилери менен тыгыз мамиле түзүп, Евразия мамлекеттеринде иш сапарлары менен болгон. Волкан Бозкыр Евразия мамлекеттеринин эл өкүлдөрү менен өлкөлөр арасы мамилелерди жаңы баскычка көтөрө турган жолугушуулар өткөрүүгө жетишкен. Мындан сырткары ал үч тараптуу Түркия-Азербайжан-Грузия, Түркия-Россия-Иран парламенттеринин тышкы иштер комиссияларынын жыйындарын жүргүзгөн.

Волкан Бозкырдын БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы болуп шайланганы Евразия мамлекеттеринде (Армениядан сырткаркы) кубануу менен кабыл алынды. Бул боюнча массалык маалымат каражаттарында атайын кабарлар чыкты. Бозкырдын кесиптештери жана аймактагы эл аралык уюмдар куттуктоо телеграммаларын жиберишти. Түрк Кеңеши, Түрк ПА, Түрксой, Түрк маданияты жана мурасы фонду сыяктуу түрк дүйнөсүнүн орток эл аралык уюмдары Волкан мырзаны куттукташты. 2020-жылдын 18-июнунда Түрк Кеңешинин жооптуу катчысы Багдад Амреев Волкан Бозкырды куттуктаган телеграммасында, БУУнун тарыхында алгачкы жолу түрк дүйнөсүнөн бир дипломаттын Башкы Ассамблеяга төрагалык кыла тургандыгын, мунун тарыхый окуя экендигин баса белгиледи. Түрк дүйнөсүнүн эл аралык уюмдарынын мындан ары БУУ менен тыгыз кызматташа тургандыгын айта алабыз.

Урматтуу окурмандар, буга чейин Түрк Республикаларынын бири болгон Казахстандын азыркы Президенти Касым Жоомарт Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы кызматын аркалаган эле. Волкан Бозкырдын БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы кызматын аркалай тургандыгы бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн эл аралык дипломатиядагы ийгилиги десек болот. Волкан Бозкыр Крымдын аннекциясы, уйгур маселеси, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы сыяктуу БУУда карала турган түрк дүйнөсүнүн маселелеринин чечилишине салым кошот деп ойлойбуз. Пандемия уланып жаткан өткөөл учурда төрагалык кыла турган Бозкырды БУУда дүйнөлүк экономикалык кризис, качкындар маселеси сыяктуу чоң көйгөйлөр күтүп турат. 48 жылдык иш тажрыйбасына эгедер болгон Бозкыр, БУУнун активдүү иш жүргүзүшүнө салым кошооруна ишенебиз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар