Буларды билесиздерби?

Дүйнөлүк кубок оюндарында биринчи жолу түрк судья тарабынан кызыл карточканын колдонулганын билесиздерби?

1434935
Буларды билесиздерби?

 

Дүйнөлүк кубок оюндарында биринчи жолу түрк судья тарабынан кызыл карточканын колдонулганын билесиздерби?

ФИФА Дүйнөлүк кубогунун финалдарында оюнду башкарган биринчи түрк судья Доган Бабажан болгон. 1955 – жылы судья болуп баштаган Бабажан 1974 -  жылы Мюнхен олимпиада оюндарында жана 1974 – жылдагы ФИФА Дүйнөлүк кубогуна катышкан. ФИФА Дүйнөлүк кубогунун тарыхында кызыл карточка биринчи жолу 1970 -  жылдагы ФИФА Дүйнөлүк кубогунда башталган бирок ал жылы судьялар кызыл карточка колдонушкан эмес.

1974 -  жылы Дүйнөлүк кубок финалдарында биринчи жолу Батыш Германия -  Чили оюнунда кызыл карточка көрсөтүлдү. Доган Бабажан чилилик футболчу Карлос Касзелиге көрсөткөн кызыл карточка менен ФИФА Дүйнөлүк кубогунун тарыхында биринчи кызыл карточка көрсөткөн судья болду. Бул беттеште Бабажандын жанында жардамчысы англис судья Жек Тейлор болгон.

Бабажан 1975 – жылдагы УЕФА супер кубогун, 1974 -  1977 – жылы Чемпион клубдар кубогунун жарым финал оюндарын, 1978 -  жылы УЕФА кубок жарым финалын башкарган. Бабажан 10 жыл ФИФА арбитры болду жана 1978 – жылы судья болууну таштады.



Тектеш кабарлар