Буларды билесиздерби?

Стамбулдун багындырылышында ортоңку кылымдагы эң чоң замбиректин осмондуктар тарабынан колдонулганын билесиздерби?

1426128
Буларды билесиздерби?

Стамбулдун багындырылышында ортоңку кылымдагы эң чоң замбиректин осмондуктар тарабынан колдонулганын билесиздерби?

1453 -  жыга чейин согуштарда замбиректер колдонулса да осмондуктардай чоң курал менен колдонгон болгон эмес. Стамбул Осмон армиясы тарабынан курчоого алынганда византиялыктардын да чепте ок атуучу механизмдери болгон бирок бул куралдар өздөрүнө зыянын тийгизген.

Осмон армиясынын замбирегинин узундугу 8 метр, диаметри 75 сантиметр болуп, замбирек окторунун салмагы 544 килограмм болгон. Толтурулушу үч саатка созулгандыктан күндө  5 – 6  жолу гана атылган. Замбирек октору абдан оор болгондуктан венгер Урбан бул ок калыптарын эки бөлүккө бөлүп жасаткан. Ушундайча мезгилинин эң алдыңкы системасы менен  колдонулган. Чепке келип тийген жерлерди оңдоо үчүн византиялык дубал усталарынын күнү  - түнү иштеши менен бир жумага созулган.

Бул замбирек октору Стамбулдун багынтылышынан 354 жылдан кийин 1807 -  жылы да колдонулду. Чанаккале босфорунан өтүүгө аракет кылган англис кемелерине бир жолу ок атылган жана кемелердин артка карай чегинүүгө аргасыз кылган. Андан кийин бул окуянын элесине 1870 -  жылдарда Султан Абдүлазиз  1464 -  жылы замбиректин бир үлгүсүн англистерге белек кылды. Бул белек бүгүн Британияда Форт Нельсон артиллерия музейинде көргөзмөгө коюлган.

 



Тектеш кабарлар