Ливияда жакындап келе жаткан жеңиш

СЕТАнын тышкы саясат иликтөөчүсү Жан Ажундун пикири.

1422444
Ливияда жакындап келе жаткан жеңиш

Ливияда узун убакыттан бери келе жаткан кагылышуулар биринчи жолу  Улуттук ынтыматык өкмөтүнүн пайдасына карай өзгөрүп, генерал Хафтерге караштуу күчтөр  Батыш Ливия жана бир топаймактан чегине баштады.

СЕТАнын тышкы саясат иликтөөчүсү Жан Ажундун пикири.

Ливияда болгон бул өзгөрүүдөгү эң негизги себеп албетте Түркиянын Улуттук ынтымктык өкмөтүнүн пайдасы үчүн кийлигишүүсү болду.

Түркия менен Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн ортосунда ишке ашкан аскердик кызматташтык жана машыктыруу келишиминен кийин түрк куралдуу күчтөрү  Триполи жана Мисратага жайшакан. Аткарган аскердик кыймылдар менен да Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн абадан үстөмдүгүн колго алышына мүмкүнчүлүк түздү. Генерал Хафтерге караштуу күчтөр Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Франция жана Россиядан алган аскердик колдоо менен Ливиянын маанилүү бир бөлүгүн колго алган андан кийин Триполини алуу үчүн аракетке өткөн. Түркия 2011 -  жылдагы төңкөрүштөн тарта саясий жактан колдогон БУУнун негизинде мыйзамдуу бийлик болгон Улуттук ынтамактык өкмөтүн Хафтер жана колдоочуларынын алдында бир гана сайсий жактан эле эмес,  аскердик жактан да колдоого ала баштады. Түркия кийлигишпесе Ливияда да Египеттегидей бир аскердик диктаторлуктун курулары күтүлүп жаткан. Мунун Ливия калкы менен Түркиянын  улуттук кызыкчылыктары жактан түзгөн коркунучу байкалуу менен аракетке өтүлгөн.

Улуттук ынтымктык өкмөтү менен түзүлгөн аскердик келишим менен түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу күчтөр Триполи менен Мисратага жайгашып, Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүн машыктырууга жана аскердик жактан камсыздоо башталган. Хафтер күчтөрүнүн өзгөчө аба үстөмдүгүн колго алышы Улуттук ынтымактык өкмөтүн кыйнап Түркия абадан коргонуу системалары жана электорндук согуш методу менен аба үстөмдүгүн кайрадан  Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнүн алышына мүмкүнчүлүк түздү. ТБ 2 учкучсуз аба унаалары менен алдыңкы фронтто Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн Хафтердин бөлүктөрүнө каршы үстөмдүк кылышына мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Түркиянын өз улуттук мүмкүнчүлүктөрү менен чыгарган жана ПКК террордук уюмга каршы жана Сирия сыяктуу кагылышуу аймактарындагы тажрыйбасын Ливияда колдонгону көрүнүүдө.  Ушунун негизинде куралдуу учкучсуз аба унааларынын Ливия аянтында Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн пайдасына тең салмактуулукту бузганы байкалып Бириккен Араб Эмираттарынын Хафтер күчтөрүнө берген, Россияда жасалган Панцир абадан коргонуу системаларынын  дээрлик баары жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү акыркы жумаларда Батыш Ливияда Тунис чектерине чейинки аймакты алды жана андан кийин стратегиялык мааниге ээ Ватиййе аба базасы алынды. Хафтер күчтөрү үстөмдүгүн жоготуп, Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү Тархуна менен Сирте сыяктуу маанилүү шаарларды колго алуу үчүн жаңы аскердик кыймылды баштады.

Генерал Хафтерди колдогон Бириккен Араб Эмираттары менен Франция сыяктуу өлкөлөр аске

рдик тынчсыздануу менен саясий чечүүчү жол үчүн чакыруу салып, Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрүнүн негизги шаарларды колго албастан аскердик импульстан баш тарта тургандай көрүнбөйт.



Тектеш кабарлар