Түрк кеңешинин миграция боюнча координациялык тобу түзүлдү

Евразия күндеми-21

1421429
Түрк кеңешинин миграция боюнча координациялык тобу түзүлдү

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттердин пандемия учурунда чет жерлерде жашаган жарандарынын маселелерин чечүү боюнча жасаган иш-чаралары тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Түрк Кеңешине мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Миграция жана башка тиешелүү кызматтарынын башчылары видеоконференция аркылуу жыйын ѳткѳрүштү. Видеоконференцияга Азербайжан, Венгрия, Казахстан, Кыргызстан, ϴзбекстан жана Түркия Мамлекеттик миграция кызматынын башчылары, Түрк Кеңешинин жооптуу катчысы катышышты. Жыйында уюмга мүчѳ мамлекеттердин COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам мамлекеттерине кайта албаган жарандардын жашаган жеринен уруксат алуу, виза жана миграция боюнча маселелерин чечүү үчүн жасала турган кадамдар талкууланды. Жыйындын соңунда тараптар виза жана жашап туруу боюнча уруксат ала албаган жарандарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартпоо боюнча макулдашышты. Мындан сырткары тараптар качкындар үчүн коюлган талаптарды убактылуу жеңилдетүү боюнча чечим кабыл алышты. Миграция жаатында кызматташуунун солгундабашы жана кызматташууну арттыруу үчүн Түрк Кеңешинин Миграция боюнча координациялык тобун уюштуруу тууралуу макулдашышты.

Баарына маалым болгондой эле, 2020-жылдын 10-апрелинде болуп ѳткѳн Түрк Кеңешинин кезексиз жыйынында башка ѳлкѳлѳрдѳ жашап жаткан уюмга мүчѳ мамлекеттердин жарандарына тиешелүү бардык жеңилдиктердин берилиши боюнча чечим кабыл алынган.

Кабыл алынган бул чечимге ылайык, Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттер пандемия учурунда ѳлкѳсүнѳ кайтууну каалаган жарандардын жиберилиши боюнча бири-бирине керектүү жардам жана жеңилдиктерди берип жатышат. Ал гана эмес, үчүнчү бир ѳлкѳдѳн жарандарды алып келүү маселеси боюнча уюмга мүчѳ мамлекеттер чогуу иш алып барып жатышат. Мисалы, Казахстан Түштүк Азия мамлекеттеринен өз жарандары менен бирге Кыргызстан жарандарын да ала келди. Ушундай эле ыкма менен, Түркия үчүнчү ѳлкѳлѳрдѳн Азербайжан жарандарын Түркияга чейин алып келүүдѳ. Келечекте Түрк дүйнѳсүнүн эл аралык аренада биримдикте иш алып баруусу үчүн мына ушундай гумандуу кызматташтыктар аябай маанилүү болуп эсептелет.

Түрк Кеңешинин Миграция кызматы башчыларын чогултуп жыйын өткөрүшүн, уюмдун буга чейин диаспоралар боюнча жасап келген иш-чараларынын уландысы катары кароого болот. Белгилүү болгондой эле, уюм буга чейин “Түрк Кеңеши түрк тилдүү диаспоралар орток иш-аракет стратегиясын” бекиткен. Ѳткѳн айда дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдүн маска талашуу жана башка маселелер боюнча жагымсыз окуялары, Түрк дүйнѳсү диаспоралары жана Түрк Республикаларынын эл аралык аренада биргелешип иш алып барышы керек экендигин дагы бир жолу көрсөттү.

Түркия өз аймагындагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң кѳп сандагы чет жердик жарандар жашаган мамлекет болуп саналат. Түркияда жашаган чет жердиктердин кѳпчүлүгү пандемия учурунда ѳздѳрүнүн мамлекеттерине кайтуунун ордуна Түркияда калууну туура кѳрүштү. Бул деле Анкаранын туура чечимдер кабыл алып, пандемия күндѳрүндөгү абалда жакшы башкарып жаткандыгын, ѳзүнүн жарандарына гана эмес, чет ѳлкѳлүктѳргѳ да алардын саламаттыгы боюнча ишеним бере алгандыгын айгинелейт. Түрк дүйнѳсүнүн локомотиви болгон Түркия, мындан ары да кошуналарын жана жакынкы аймактардагы жарандарды ѳзүнѳ тарткан борбор боло бермекчи. Түрк Кеңеши алдында түзүлгөн Миграция боюнча координациялык топ, Түрк дүйнѳсүнүн интеллектуал катмарынын чет мамлекеттерге чыгып кетишин алдын алууга, башка аймактарда жашаган түрк диаспораларынын кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ аракет кылат деп ойлойбуз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.

 



Тектеш кабарлар