Борани тамагы
Сарай даамдары-16
Сарай даамдары-16-2020
Османлы Сарайынын ашканасынан укмуштуудай рецепттер менен бөлүшкөн ушул жумадагы программабызда сизди дагы бир жолу дүйнөдөгү биринчи илим борборлорунун бири- Шанлыурфага алып барабыз. Бул жумада Урфанын жети жүз жылдык сарайында «Борани» аттуу тамакты даярдайбыз.
Бул тамак үчүн керектүү азыктар:
1 кило койдун эти
1 чыны кара көз буурчак
1 чыны нокот
1 тутам пазы жалбырагы (жалаң гана сабактар колдонулат)
1 чай кашык туз
1 чай кашык кара калемпир
2 литр суу
2 аш кашык жөнөкөй май
50 гр. Куйрук майы
БУЛГУР КӨФТЕСИ ҮЧҮН
3 стакан көфте үчүн булгур
1 аш кашык томат пастасы
2 аш кашык изот (чили калемпир)
1 жумуртка
1 чай кашык туз
1 чай кашык кара калемпир
Көз өлчөм менен суу
2 стакан май (булгур көфтесинин – томолокторун кууруу үчүн)