Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-92

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Захиреддин Мухаммед Бабур жана “Бабурнаама” чыгармасы.

1419118
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-92

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктар арасында, алардын ичинен өзбек адабиятында кеңири таанымал 15-кылымдын аягы жана 16-кылымдын башында жашап өткөн улуу шах жана ойчул акын Захиреддин Мухаммед Бабур тууралуу кеп кылабыз.

Тарыхта Индиядагы Улуу Моголдор династиясынын негиздөөчүсү жана ошондой эле өз доорунда жашап өткөн улуу акын Алишер Навоиден кийинки күчтүү акын – Захиреддин Мухаммед Бабур болгон. Бабур атасы жагынан Аксак Тимурдун, ал эми апасы жагынан Чынгыз хандын тукумуна барып таянат. Атасы Өмер Шейх Мырза Фергана өкүмдары болгон. Бабур 1483-жылы 14-февралда Анжиянда жарык дүйнөгө келген. 1494-жылы мезгилсиз оопа дүйнөгө аттанган атасынын ордуна мурасчысы катары Бабур он эки жашынан эле такка отурган. Бабурдун ошол он эки жашынан баштап өлгөнгө чейин падышалык башкаруунун кыйынчылыгы жана мээнети менен өткөн. Анын алдыга койгон максаты өтө чоң болгон. Ал Мавераннахр борбору болгон күчтүү династия куруп, улуу аталары Амир Тимур салтанатын улоону ниет кылган. Бирок, ар кандай ич ара бут тосуулардан, көрө албастыктардан улам 1504-жылы Бабур жакын аскерлери менен туулган жерин таштап Ооганстанга кетүүгө мажбур болгон. Кыска мөөнөт ичинде Ооганстандын негизги шаарларын өзүнө каратып алып өкүмдарлык курган. Ал жерде күч топтогон Бабур 1912-жылы Мавераннахрды кайрадан колго алууну көздөгөн. Бирок бул чабуулу ийгиликсиз аяктаган соң кийинки максаты Индияга сапар алган. 1519-жылдан 1525-жылга чейин Индияга бир канча жолу жортуул жасаган. Максаты орундалып 1526-жылы Дели шаарына эгедер болгон. Андан улап Чыгыш Индияны да өзүнө багындырган. Мына ошентип үч жарым кылым өкүм сүргөн Бабурийлер династиясынын куруучусу болуп калган. Бабурдун өмүрү ата мекенине болгон кусалык менен өткөн болсо, саясий жашоосу жогоруда айтылгандай өткөн. Ал 1530-жылы кырк жети жашында Индиянын Агра шаарында көз жумган. Индиядагы азыркы керемет Таж-Махал эстелиги мына ошол Бабурийлер династиясынан калган көрүнүктүү мисалдарынын бири.

Бул дүйнөдөн канчалаган падыша, өкүмдарлар өткөн жана алардын аттары тарых барактарында сакталып калган. Бабурдун династиясы тарых барактарына жазылып калса да азыркы күнгө чейин анын акындыгы менен аты жашап келет.

Илбесең көзгө элдин да, шахтын назарын,

Эртеби-кечпи тартасың анын азабын.

Сүйүүнүн күчү жүрөгүн жара тилгенде,

Шахтын да калбайт дарманы жыргап күлгөнгө,

Көз ирмем сайын жаралып жаңы ишеним,

Махабат дарты азаптуу болот билгенге – деп жазып калтырган акын он тогуз жашынан баштап казал жана рубаилерин тизмектей баштаган. Бабурдун ушул жаштан баштап өтө курч жазылган рубаилери менен аны дүйнөлүк классика деп айтууга болот. Бабурдун отуз беш жашында жазып калтырган жана аны бүткүл дүйнөгө тааныткан “Бабур-наама” аттуу чыгармасы болгон. “Бабур-нааманын” 1518-19-жылдардагы окуялардын айрым маалыматтарына караганда акын бул чыгармасын 35-36 жаштарында жазган жана буга чейин бир топ рубаи, казалдары ошондой эле диван чыгармалары белгилүү. Мындан сырткары акын илимий эмгектери менен бирге котормо да жасаган. Мына ушулардын арасынан эң таанымал чыгармасы “Бабур-наама”. Акын бул чыгармасын өмүрүнүн акырына чейин жазып жүрүп отурган. Бул “Бабур-наама” эмгегинин өзгөчөлүгү – 16-кылымдын чыгышы, Орто Азия жана Индиянын тарыхы, географиясы, маданияты, саясаты, экономикасы ошондой эле коомдук күндөлүк турмуштан алынган так маалыматтарды камтыйт. Бул чыгармага жакын нөкөр-жөлөктөрүнүн ар биринин атынан атап жазып калтырган. Бабурдун кыргыздарга жакын адам болгонун, аларды абдан жакшы билгенин күбөлөгөн далилдер “Бабур-наамада” абдан көп кездешет. Мисалы, Бабур комуздун күүсүн укканды жакшы көрөөрүн бир эмес бир канча жолу эскерип өткөн. Ошондой эле чыгарма жогорку деңгээлдеги материалдык баалуулук менен жазылган. Бул эмгектин дагы бир өзгөчөлүгү, чагатай тилинин жогорку баадагы табылгыс көөнө үлгүлөрүнүн бири болуп саналгандыгында. Кээ бир окумуштуулар бул чыгарманы илимий-тарыхый жанр деп эсептешсе, кээ бири аны документалдык чыгармага кошушат. Кандай болгон күндө да бул чыгарма түрк элдерине тийиштүү, тарыхый наркы баалуу эмгек болуп кала бермекчи. Бабурдун эмгектери аны тарыхчы, географ, этнограф, акын катарында КМШ өлкөлөрү, Турция, Америка Кошмо Штаттары, Англия жана башка мамлекеттердин илимий борборлорунда окулуп келет. “Бабур-нааманын” бүгүнкү күнгө жеткен он нускасы белгилүү. Чыгарма фарсча, латынча, французча, англисче, орусча, түркчө, урду, инду, немец, фламенк жана башка тилдерге, топтоп айтканда жыйырма үч тилге которулган. Мына ушундай улуу инсандын улуу чыгармасы “Бабур-наама” азыркы учурда дүйнө жүзүндө окулуп келет жана окула бермекчи.                                                                              Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда улуу акын Бабур шахтын көлөмдүү чыгармасы “Бабур-наама” тууралуу болду. Эгерде чыгармага кызыгуу жаралган болсо анын котормолорунан пайдаланып барактап чыгууңуздарды сунуш кылабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар