Корона жана ПКК террору

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

1418492
Корона жана ПКК террору

Террордук уюмдар кол салуу максатында бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аракетине киришти. Глобалдык кризиске айланган корона эпидемиясы  да террордук уюмдар үчүн башка бир мүмкүнчүлүк сунуштап жатат. ДЕАШ акыркы айларда Иракта кол салууларын күчөткөндөй көрүнүүдө. Бир топ серепчи ДЕАШтын күч алган кол салууларын 2019 -  жылдан бери улантылып келе жаткан «стратегия өзгөртүүсүнүн» уландысы катары көрсө да ; корона эпидемиясынын ДЕАШтын ишин жеңилдетип жатканын айтууга болот. ДЕАШ менен бирге ПКК террордук уюму да Сирия жана Түркиядагы террордук кол салууларын акыркы айларда күчөткөндөй көрүнүүдө. Өткөн жумада Афринде жарандарды бутага алган ПКК бул жумада Түркияны бутага алууну улантты жана акыркы жолу Ван шаарында коронадан улам жардам таркаткан жарандарды бутага алды. Бул абалда ПККнын корона эпидемиясынан улам ортого чыккан белгисиздиктен жаңы бир стратегия менен кирешени көздөп жатканын көрсөтүүдө.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

Террордук уюм ПКК көп тараптуу стратегия жүргүзүүдө. Бул стратегиялардан биринчисин ПККнын Европада эпидемияны колдонуу менен пропаганда жүргүзүүдө. ПККнын Европа өлкөлөрүндөгү уландылары Анти  - Корона Европа Координациясы деп аталган уюм түзүп коронанын негизинде бир пропаганда желесин пайда кылды. Бул уюмдун бутасында картаңдар, хроникалык оорулуулар жана качкындар лагерлериндеги кишилер орун алып, социалдык медианын активдүү колдонулганы байкалууда. Ушунун негизинде  ПКК өзгөчө Европаны корона эпидемиясынан улам жаңы багыш кампаниясы деген аттын алдында логистикалык жана лобби иш аракеттери үчүн жаңы бир материалдык булак түзүүдө. Бул кампанияларды террордук уюм ПККнын Европа аялдар бөлүмү жана Европа СТК өкүлчүлүгүнүн (KCDK-E) жүргүзгөндүгү көрүнүүдө. Кампаниянын борборунда болсо Германиянын борбор шаары Берлин бар. Ушунун негизинде ПКК Берлинде корона акциясын жүргүзүү үчүн бир Кризис бюросун түздү.

ПККнын экинчи стратегиясын түздөн түз террордук кол салуулар түзүүдө. 2020 -  жылы январь айынан бери 9 террордук кол салууну аткарган ПКК бул кол салуулардын бешөөсүнүн  Түркияда коронавирус бейтаптары чыга баштаган 10 -  марттан кийин ишке ашырды. Апрель айында ПККнын Диярбакырга караштуу бир айылда жасаган кол салуусунда бута түздөн түз айылдыктар болгон жана кол салууда 5 киши каза тапкан. ПККнын Түркия тышында Түркияга карата кол салууларынын бутасы Түндүк Ирактагы түрк куралдуу күчтөрү болду. 25 -  марттагы кол салууда 2 түрк аскери шейит болуп, 24 -  апрелде жасалган кол салууда да 1 аскер каза болгон. ПККнын бул мезгилде жасаган кол салууларын элет жерлеринде жасап, шаарларда террордук кол салуу мүмкүнчүлүгүн таба албагандыгы байкалууда. Мунун негизги себеби түрк куралдуу күчтөрүнүн элет жериндеги операция темпинин жогору болушу. Ушундайча ПКК террористтери элет жерлеринде тузак куруу тактикасы менен кол салуу мүмкүнчүлүгүн табууда. Түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук уюм ПККга карата операциялары да улантылууда.

2020 -  жылдын январь  -  май айларында Улуттук Чалгындоо Уюму жана түрк куралдуу күчтөрү Түркиянын түштүгүндө жана Ирактын түндүгүнө карата январь айында 44, февраль айында 52, март айында 54 жана апрель айында 71 жалпы 221 өлкө ичи жана өлкө тышы операция жүргүздү. Операциялардын акырында 17 502 байланыш аппараты, жеңил куралдар жана ок – дары сактоочу жер колго түшүрүлдү. 162 террордук элемент жок кылынды. Ички иштер  министрлигинин негизиндеги полиция жана жандармерия тарабынан да өлкө ичинде жана чек ара аймактарындагы операцияларын «изде  - тап -  жок кыл»  кыймылы менен улантууда. Ички иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматка караганда жүргүзүлгөн «Капкан» операциясынын натыйжасында январь  айында 7 998  операцияда 45, февраль айында 5 584 элет; 1 385 шаар операциясында 86, март айында 7 119 элет; 922 шаар операциясынын негизинде 52, апрель айында 8 163 элет ; 252 шаар операциясынын натайжасында 34 ПКК террористти жок кылынды.

Террордук уюм ПККнын акыркы мезгилде Түркиянын террор менен күрөшүнүн натыйжасында кыймыл кылуу чеги тарайган болсо да чыгуу стратегиясын издеп жатканы көрүнүүдө. Азырынча издеген мүмкүнчүлүктү толугу менен тапканын айтууга болбойт. Эпидемиядан кийин террордук уюм элеменеттеринин элеттеги баш калкалоо аянттарына чегиниши жана климаттык шарттардын оң болушунан улам ПККнын «жаңы бир стратегияны» ишке ашырууга өтүү максатында. Бирок коронадан кийин түзүлө турган жаңы аймактык саясат Ирактагы абалды жана Сирияда болуп жаткан кагылышуу чөйрөсүндө ПКК бул максатын ишке ашыра албайт.



Тектеш кабарлар