Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин кезексиз жыйыны

Евразия күндеми-17

1404840
Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин кезексиз жыйыны

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү чыгарылышыбызда 2020-жылдын 14-апрелинде болуп ѳткѳн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин кезексиз жыйыны тууралуу сөз кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, Евразиялык Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) учурдагы тѳрагасы Беларусь президенти Александр Лукашенконун сунушунун негизинде 2020-жылдын 14-апрелинде Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин кезексиз видеоконференция жыйыны болуп ѳттү. Видеоконференцияга Беларусь, Казахстан, Кыргызстан жана Россия президенттери менен Армениянын Премьер-министри жана ЕАЭБнин жооптуу катчысы катышышты. Буга чейин 2020-жылдын 10-апрелинде ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттердин жана Молдованын ѳкмѳт башчылары видеоконференция түрүндө кезексиз жыйын ѳткѳрүшкѳн эле.

Видеоконференцияда уюмга мүчѳ мамлекеттерде пандемияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берилди жана мындан ары жасала турган иш-чаралар талкууланды. Жыйында лидерлер экономикалык интеграциянын үзгүлтүккѳ учурабашы, стратегиялык маанидеги материалдардын бажыларда күттүрүлбѳшү, санарипке ѳтүү процессинин тездетилиши, COVID-19 илдетине каршы биргеликте күрѳшүү боюнча макулдашышты. Эскерте кетсек, ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттер 31-март күнү атайын чечим кабыл алып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кээ бир азыктардын 2020-жылдын 30-июнуна чейин уюмга мүчѳ мамлекеттердин сыртына чыгарылышына тыюу салышты. Гуманитардык жардам катары чет мамлекеттерге жиберилген азык-түлүктѳр буга тиешелүү эмес.

ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттер “жашыл коридор” куруу аркылуу пандемия учурунда  жүктѳрдүн бажыдан ѳтүп турушун камсыз кылууга аракет кылып жатышат. Путиндин пандемия учурунда кээ бир товарлардан салыкты таптакыр алып салуу сунушу жакынкы келечекте ишке ашышы мүмкүн. Эгер пандемия созулуп  кетсе Евразия ѳнүгүү банкы жана Евразия турукташтыруу жана ѳнүгүү фондунун капиталы, уюмга мүчѳ мамлекеттердин экономикаларын жандандыруу жана COVID-19 илдетине каршы күрѳшүү максатында колдонулушу мүмкүн. Лидерлер пандемия учурунда ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттердин улуттук банктары жана тиешелүү министрликтерин координациялуу иштѳѳ буйругун беришти. ЕАЭБде Пандемияга каршы күрѳшүү координациялык кеңеши иштеп жатат.

Жыйындын соңунда орток декларация кабыл алынды. Декларацияда дүйнѳдѳгү бүтүн кагылышуулардын токтотулушу, бир тараптуу санкциялардын алып салынышы, COVID-19 илдетине каршы биргеликте күрѳшүү баса белгиленди.

Россия COVID-19 илдетине каршы күрѳшүү максатында азыркы күнгѳ чейин ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттерге 70 миң тест жиберди. ЕАЭБдин лидер ѳлкѳсү катары Россия дары-дармек боюнча союздаштарына жардам бере тургандыгын, COVID-19 илдетине каршы дары табылса аны ЕАЭБге мүчѳ мамлекеттер менен бѳлүшѳ тургандыгын айтып келет.

Урматтуу окурмандар, жыйындын соңунда Лукашенко кесиптештерин 2020-жылдын 19-май күнү Минскте ѳтүшү пландалган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин жыйынына чакырды. Мамлекет башчыларынын Лукашенконун чакыруусун кабыл алып же албашы ошол учурдагы пандемиянын аймактагы абалына жараша болот десек жаңылышпайбыз. Евразия аймагында пандемиянын жогорку чегине жеткенин айтууга али эрте.

2020-жылдын 19-май күнү Минскте ѳтүшү пландалган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин жыйынында, уюмдун 2025-жылга чейинки экономикалык интеграция пландары талкууланат. Бул план уюмдун экономикалык интеграциясы үчүн аябай маанилүү болуп саналат.

ЕАЭБдин пандемиядан кандай чыгаары, уюмдун чыгыш менен батыштын ортосунда кѳпүрѳ боло алышы же албашы кызыгуу туудурат. Дүйнѳдѳ болуп жаткан соода согуштары ЕАЭБге сѳзсүз таасирин тийгизет. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыйында белгилеп ѳткѳндѳй, ЕАЭБ үчүн пандемия чыныгы сыноо болууда.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар