Ливияда өзгөргөн тең салмактуулук

СЕТАнын тышкы саясат иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1404929
Ливияда өзгөргөн тең салмактуулук

Узун убакыттан бери Ливияда болуп келе жаткан кагылышуулар акыркы мезгилде Түркиянын Улуттук ынтымактык өкмөтүнө бере баштаган аскердик колдоо менен жаңы бир этапка кирип, биринчи жолу  Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү козголоңчу Генерал Халифе Хафтерге каршы алдыга жыла баштады. Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү батыш линиясындагы  стратегиялык мааниге ээ шаарларды колго  алууда ийгиликтүү болуп, Тунис чек арасына чейин жетти. Акыркы күндөрдө болсо Терхунаны колго алууга карата чоң аскердик кыймыл баштатты.    

СЕТАнын тышкы саясат иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Козголоңчу Генерал Хафтер Бириккен Араб Эмирликтери башта болгон Египет, Сауд Арабия, Франция, Израиль жана акыркы болуп Россиянын колдоосу менен БУУнун негизинде мыйзамдуу бийлик болгон Улуттук ынтымактык өкмөтүнө каршы көтөрүлүш баштаган. Генерал өлкөнүн чыгыш жагында Египет чек арасындагы Тобрук шаарында альтернатив бир башкарууну түзүп мурдараак белгилеген өлкөлөрдүн колдоосу менен Дерне жана Бенгази сыяктуу аймактарды алууда ийгиликтүү болуп, Триполи жана Мисрата сыяктуу Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн колундагы чоң шаарларды алууга аракет кылган. Хафтер  Ливиянын ички тең салмактуулугунан башка  аталган өлкөлөрдүн  өкүлү сыяктуу кыймыл кылып бул өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн Ливияда үстөмдүк кылуунун жолун издеп жаткан. Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү болсо БУУнун негизинде мыйзамдуу бийлик болсо да жетерлик эл аралык колдоону ала алган жок. Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн исламдык мүнөзү менен бирге Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу өлкөлөрдүн эл аралык мекемелердеги таасири өзгөчө да АКШнын президенти Трамптын кол астында жүргүзгөн лобби аракеттери Улуттук ынтымактык өкмөтүн күчсүздөнтүп жаткан.

Түркия болсо Хафтерди колдогон коалициянын алдында так бир позиция алып мыйзамдуу өкмөттүн жанында болууну тандады. Ливияда Египет же Сириядагылардын болбошу үчүн аракет кылып, Ливиянын бир гана ливиялыктардын эгемендигинде болушу үчүн саясий кадамдарды таштап жатат. Бирок Хафтерге караштуу күчтөрдүн Триполини коркутуу менен бирге Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү менен аскердик келишим түзүп, аянттагы аскердик реалдуулукту өзгөртө турган кадамдарды таштады. Бир түрк бөлүгү машыктыруу жана кеңеш берүү үчүн Ливияга жайгашрытылып, Триполи менен Мисрата аба мейкиндигинде да көзөмөлдү колго алды. Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү өнүккөн аскердик каражаттар менен колдоого алынып, өзгөчө ТБ  - 2 учкучсуз аба аппараттары Хафтер күчтөрүнүн аскердик үстөмдүгүн акырына чыгарды.

Түркиянын аянтта өз салмагын салышы менен Хафтер жана колдоочуларынын Триполини колго алуу кыялы кыйрап, Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү каршы кол салууга өтүп Тунис чек арасын кайрадан көзөмөлгө алууда ийгиликтүү болду. Өлкөнүн батыш жагындагы стратегиялык аба базасы Ел Ватиййе курчоого алынып, Триполинин түштүк  чыгышындагы негизги Терхунаны колго алуу үчүн да кенен операция баштатылды. Аянтта чындыктар Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн пайдасына өзгөрдү.



Тектеш кабарлар