Идлиб жана куткарылган аймактардын коронавирус менен күрөшү

СЕТАнын тышкы саясаттар боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу сереби.

1396063
Идлиб жана куткарылган аймактардын коронавирус менен күрөшү

 Коронавирус болгон ылдамдыгы менен бүткүл дүйнөгө жайылынуу улантып,  көптөгөн жылдардан бери жарандык согуштан чоң зыян тарткан Сирияда болушу мүмкүн болгон кыйратуулар олуттуу тынчсызданууну жаратууда.    Асад өкмөтүнүн жана ПКК террордук уюм көзөмөлгө алган аймактар менен бирге Идлиб жана башка куткарылган аймактар үчүн корона коркунучу олуттуу түрдө каралышы керек. Түркия бул аймактарга болгон мүмкүнчүлүктөрү менен жардам берүүгө аракет кылса да эң башта Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУ жана эл аралык коом вирус менен күрөшүү үчүн беш миллиондон ашуун киши жашаган оппозиция аймактарына жардам берүүгө мажбур.

СЕТАнын тышкы саясаттар боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу сереби.

Көптөгөн жылдардан бери эң оор согуштук шарттарга дуушар болгон Идлиб жана Түркия түздөн түз көзөмөлгө алган Афринден Расулайнга чейин созулган куткарылган аймактарда беш миллиондон ашуун киши жашоо үчүн күрөшүүдө. Өкмөт жана ПКК террордук уюмдун кээ кээде кол салууларына дуушар болгон бул аймактар азыркы учурда коронавирус менен бетме  - бет келип турат. Түркия Идлиб тышындагы оппозициячыл аймактарда саламаттык сактоо системасын колунан келишинче жаңыдан курса да элинин көптүгүнө жана согуш шарттарына көңүл бурулганда дагы олуттуу кыйынчылктардын бар экендиги көрүнүүдө. Идлибде болсо абал дагы да оор. Аймакта үч миллиондон ашуун киши жашап жатат. Аймак 2019 -  жылы август айынан баштап өкмөт, Россия жана Ирандын бутасы болуп келе жатат. Аймакка карата жүргүзүлгөн аскердик операциялардан эң аз бир жарым миллион киши жерлеринен чыгып, булардын бир миллиону Түркия  -  Идлиб чек арасындагы лагерлерде, абдан кыйын шарттарда жашоо үчүн күрөшүүдө. Үч жүз миң идлибдик болсо башка куткарылган аймактарда качкын болуп жашоодо. Өкмөт жана колдоочулары операцияларда саламаттык сактоо ифраструктурасын, ооруканалар менен поликлиникаларды бутага алды. ДСУнун маалыматына караганда аймактагы 300 саламаттык сактоо пунктунун жарымы бул кол салууларда жок болду. Акырында саламаттык сактоо инфраструктурасынын чоң өлчөмдө жок болушу, керек болсо калкынын көптүгү жана качкын лагерлериндеги шарттардын негизинде социалдык аралык эрежелерин ишке ашыруу ыктымалынын болбошу Идлибди коронага каршы күчсүз кылып жатат. Ушунун негизинде эл аралык коомчулук болгон мүмкүнчүлүктөрү менен Идлиб жана башка оппозициячыл аймактарга жардам берүүгө мажбур. болбосо жүз миңдеген киши өмүрүнөн ажырашы мүмкүн.



Тектеш кабарлар