Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-86

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Фузулинин “Лейла менен Мажнун” дастаны.

1393359
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-86

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында - түрк элдеринин орток адабиятынын маанилүү ысымдарынын бири – Фузули жана анын “Лейла менен Мажнун” деп аталган месневи эмгеги тууралуу кеп кылабыз.

Фузули аты - кылымдар бою өчпөй келген, түрк тилдүү элдеринин маанилүү тарыхый акындарынын бири. Ал азыркы Ирак аймагында Кербела деген жерде жай алган Огуздардын Баят уруусунан чыккан жана болжол менен 1483-жылы жарык дүйнөгө келген. Өз аты Мехмет болгон, бирок ал көбүнчө Фузули Багдади деп таанылган. Түркчө диван чыгармасында кичинекей жашта таалим-тарбия алганы тууралуу маалымат берилген. Андан сырткары ошол эле өз чыгармасында кыйынчылык жашоону башынан өткөргөнүн байкоого болот. Ал Стамбулга же Тебризге барып жашоону каалаган, бирок өмүрүнүн акырына чейин өз жеринен чыккан эмес. Акын 1556-жылы бул дүйнөдөн көчкөн.

Фузули арапча, фарсча жана түркчөдө эркин ыр жазган, үч тилди мыкты билген алп акындардан болуп эсептелет. Анын ырга болгон ышкысын төмөнкү ыр саптардан байкоого болот:

“Билимсиз куралган ыр, түптөлбөгөн дубал сыяктуу

Ал кайратсыз дубал болсо мааниси жок курал сыяктуу” – деген экен. Ушул сөзүнө жараша жашоосунда диний илим тармактарынан башка математика, астраномия, логика жана медицина боюнча кеңири билимге ээ болгон.

Фузули махабаттын акыны. Анын бардык ырларында сүйүү темасы камтылган. Бул сүйүү негизинен адамга караштуу эмес диний маанидеги - Аллага болгон “илахи сүйүү” деп атоого болот. Анын “Суу” тууралуу жазган өтө белгилүү ыр саптарында мына ушул мааниси жакшы сүрөттөлгөн. Анда:

“Серппе эй көз, көңүлдөн алоолонгон сүйүүмө сууңду,

Айласы жок мындай отко суу да алсыз бир кырдуу” –деп жазган ырында кудайдын элчиси Пайгамбарга болгон сый менен урматын билдирген.

Фузулинин үч тилде жазылган бир топ чыгармалары бар. Алардын көбү ыр түрүндө жазылган жана кара сөз түрүндө да эмгектерин кездештиребиз. Акындын түрк тилиндеги көлөмдүү “Диваны”, Шах Ысмайылга арналган “Бенг-ү Баде” деп аталган 444 эки саптан жана “Лейла менен Мажнун” аттуу 3096 эки саптан турган месневилери, “Сырдуу китепчеси”, “Кырк хадис”, “Су жөнүндө балладасы”, “Азирети Али диваны” жана кара сөз түрүндө “Кербела окуясы тууралуу баян” менен “Каттар” кара сөз түрүндө жазылган эмгектери белгилүү. Ал эми арапча жана фарсча жазылган он чакты чыгармалары дагы бар.

Фузулинин жазып калтырган кылымдардын өчпөс “Лейла менен Мажнун” аттуу махабат дастаны бир топ акындардын чыгармасын кооздогон орто кылымдын адабий эстелиги болуп саналат. Анын негизин жаш акындын кайгылуу сүйүүсү жөнүндөгү байыркы арап легендалары түзөт. Негизинен “Лейла менен Мажнун” чыгармасы арап адабиятында 10-кылымдардан бери кеңири таанылган. Акындын “Лейла менен Мажнун” тууралуу баяны – санаага алдырган маанисиндеги “Мажнун” лакабын алган жаш акын Кайстын сүйгөнү Лейлага арналган ыры, ал ырдын мааниси жана буларга кошулган айрым толуктоолор менен жазылган дастан.  

Дастанда - Кайс аттуу жигит медресеге барып, ал жерде Лейла аттуу кызды бир көрүп ашык болуп калат. Лейланын көңүлү да Кайска оойт. Бул аруу сүйүү аңыз болуп Лейланын энесинин кулагына жетет. Ошол күндөн баштап кызынын билим алуусуна тыюу салынат. Муну уккан Кайс сүйүү жана сагыныч азабынан ыйлай берип “Мажнун” атка конот. Мажнунду аяган атасы кыздын колун суроого жол тартат. Бирок, Лейланын атасы акылынан адашкан Мажнун оңолгондо гана берээрин шылтоо кылып кайтарат. Буга чыдабаган Мажнун сүйүү азабы менен чөл кыдырып кетет. Ошол учурда Ибни Селам аттуу бай адам Лейланы көрүп жактырып ага үйлөнөт. Мажнундун кайгысы эки эсе артат. Анткени Лейла жөнүндө кеп чыгарган үчүн өлүм жазасы буюрулат. Муну уккан атасы Мажнунду чөлдөн издеп таап, үйүнө алып кетүүнү ойлойт, бирок баласынын сүйүүдөн чөккөн абалын көрүп бош кайтат. Атасы да акыры санаадан көз жумат. Лейланын күйөөсү каза таап, анын атасы жер которот. Ошол учурда чөл үстүндө кербенден бөлүнгөн Лейла акыры Мажнунга жолугат. Бирок, Мажнун эми анын сүйүүсүн кабыл албайт. Анткени, чыгармада ачуу сүйүүгө бышкан Мажнундун сүйүүсү “илахи сүйүүгө”, башкача айтканда кудайга болгон сүйүүсүнө айланган болот. Лейла кайра кербенге кошулуп жол тартат.

“Лейла менен Мажнун” дастанынын башка сүйүү баяндарына салыштырганда, андагы каармандардын махабаты толгон кусалык, кайгы-капа жана үмүтсүз сүйүү менен аякталгандыгында.

Урматтуу окурмандар, улуу акын Фузулинин “Лейла менен Мажнун” жөнүндө баянды уктуңуздар. Бул дастан бир топ тилге жана анын ичинен кыргыз тилине да которулган. Бул сүйүү дастанын ар бир адабий сүйүүчүлөрүнүн окуп чыгышын сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар