Түрк кеңешинин COVİD-19 илдетине каршы күрѳшүүдөгү кызматташтыгы

Евразия күндеми-14

1390170
Түрк кеңешинин COVİD-19 илдетине каршы күрѳшүүдөгү кызматташтыгы

Ардактуу окурмандар!  Бүгүнкү чыгарылышыбызда Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттердин COVİD-19 илдетине каршы күрѳшүүдөгү кызматташтыгы тууралуу кеп салабыз.

Өткѳн жылдын декабрь айында Кытайда пайда болгон жана кыска убакытта бүтүндѳй дүйнѳгѳ жайылган COVİD-19 коронавирусу кѳптѳгѳн мамлекеттер үчүн чоң сыноого айланды. COVİD-19 чыгыштан батышка жана АКШга жайылды. Европа Биримдиги өлкөлөрү жана АКШ бийлиги бул кризиске даярдыксыз экендиктерин кѳрсѳтүштү. Коронавирус жайылган кѳптѳгѳн мамлекеттер чек араларын жаап, обочолонуу саясатын жүргүзѳ башташты. Дүйнѳдѳгү абал ушундай болуп жаткан мезгилде  10 жыл мурда  түзүлгөн Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттердин коронавирустун жайылышына каршы күрѳшүүдѳгү өз ара кызматташуусу жана  жардамдашуусу жакшы деңгээлде жүрүп жатат.

Ѳткѳн жылы уюмга мүчѳ болгон ϴзбекстан, Кыргызстанда COVİD-19 учуру катталаары менен Баткен облусуна 500 даана атайын коргонуучу каражаттарды, тагыраак айтканда бет кап, атайын кѳз айнек жана коргонуучу костюмдарды жиберди.

Кыргыз-Казак чек арасы жабылгандан кийин Алмата эл аралык аэропортунда калган кыргыз жарандары, эки ѳлкѳнүн тышкы иштер министрликтеринин сүйлѳшүүсүнүн натыйжасында атайын автобустар аркылуу Бишкекке жиберилди.  Мындан сырткары коронавирустан улам чек аралар жабылганда Казахстандын чек ара бекетинен ѳтѳ албай калган Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары, аталган өлкөнүн чек арасынан ѳткѳрүлдү.

25-март күнү Азербайжандын саламаттык сактоо министри Октай Ширалиев Түркиянын жардамы аркылуу COVİD-19ду аныктай ала турган жаңы тесттерди алышкандыгын жарыялады.

26-март күнү Түркия Бишкек шаарында курулган “Кыргыз-түрк достук ооруканасын” COVİD-19га каршы күрѳшүү үчүн Кыргызстанга ѳткѳрүп бергендигин жарыялады. Аты аталган ооруканада 22 даана өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат бар.

ТИКАнын Бишкектеги офиси ѳткѳн жылы Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бѳлүмүн ремонттоп берген эле. Баткен облусундагы коронавируска чалдыккандар дал ушул жерде дарыланышат.

27-март күнү Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Питер Шиярто Түрк Кеңешине коронавирус пандемиясына байланыштуу жардам сурап кайрылышканын, бул кайрылууга жооп катары ϴзбекстандын 150 миң даана бет кап жибергендигин, Түркия болсо бет кап тигүү үчүн колдонула турган 8 тонна текстиль материалынын Венгрияга жиберилишине уруксат бергендигин билдирди. Шиярто: “Түрк жана ѳзбек ѳкмѳттѳрүнүн жардамы аябай маанилүү жана биз аябай ыраазыбыз. Кыйын кезеңдерде чыныгы достун ким экени белгилүү болот,”- деп баса белгиледи.

Короновирустун жайылышына  каршы күрөш учурунда Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттер, уюмга мүчѳ же байкоочу болгон мамлекеттерге жардам берүү менен эле чектелип калышкан жок. Азербайжан Кытайга, Иранга жана Украинага, Казахстан менен Кыргызстан болсо Кытайга, ϴзбекстан Кытайга, Афганистанга жана Иранга, Түркмѳнстан болсо Иран менен Афганистанга жардам берди. Кыскача айтканда, түрк республикалары башка мамлекеттерде жашаган түрк тектүү калктардын жалгыз эмес экендигин, кошуна мамлекеттер менен болгон мамилеге чоң маани бере тургандыктарын аларга сездире алышты.

Учурда Түркия дос жана боордош мамлекеттерге чоң жана маанилүү жардамдарды  берип жатат. Бул тууралуу кийинки программаларыбызда кеңири сөз кылмакчыбыз.

Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттер коронавирустун пандемиясы учурунда бири-бирине жардам берүү аркылуу оор абалда бири-биринин жанында боло тургандыгын далилдешти. Азырынча COVİD-19 пандемиясынын канчага чейин созулаары белгисиз. Бирок Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттер бири-бирине жана кошуналарына жардам берүү аркылуу бул абалдан күчтүү болуп чыга алышат десек болот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков!



Тектеш кабарлар