Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-83

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Мевлана Желаледдин Руми

1382874
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-83

                  Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусунда - түрк элдеринин орток адабиятынын маанилүү ысымдарынын бири - 13-кылымда жашаган даанышман акын, суфистик-мистикалык поэзиянын көрүнүктүү өкүлү Мевлана Желаледдин Руми жана анын дүйнө таанымы тууралуу кеп кылабыз.

                   Кадырлуу окурмандар, азыркы учурда дүйнөдө таанылган “Сема бийин” түптөгөн киши Мевлана Желаледдин Руми болгон. Ал акын, акылман, даанышман жана сопу катары таанымал. Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы 30-сентябрда азыркы Ооганстандын Балх шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты – Мухаммед Желаледдин. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевлана аттуу ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Арап тилинен которгондо, “эгебиз”, “кожоюнубуз” дегенди билдирет. Ошол мезгилде чыгарма жазган мартабалуу адамдар ысмы менен өз жерин да атаган үчүн шарттуу түрдө Мевлана Руми деген кошумча атка ээ болгон. Анткени, өзгө элдер Мевлана жашап өткөн бүгүнкү Анадолу чөлкөмүн а кезде Рум жергеси деп аташчу.

                   Мевлана бала кезинен тарта өзү төрөлүп-өскөн Борбор Азия аймагындагы фарсий жана түркий элдердин уламыш, дастан, жөө-жомок өңдүү оозеки чыгармаларын терең үйрөнүп, грек философиясы менен диний китептерди көп окуган. Монгол баскынчыларынын жапырыгынан улам үй-бүлөсү менен Түркиянын Конья шаарына көчөт. Тагдырдын буйругу менен Коньяда жашап калган Мевлана, ал жерден дин илимин терең изилдеп отуруп, суфизм агымына сүңгүйт. Анын жашоосундагы дагы бир маанилүү окуя Шемси Тебризи аттуу дервишке кезиккенинде. Ошол учурдун эң күчтүү дербиштеринин бири Тебризи менен жолуккан Мевлана, бардык жумуштарын токтотуп коюп, бир бөлмөнүн ичинде Тебризи менен күндөп-түндөп сырдашып анын дүйнө таанымы кескин өзгөрүп, “көкүрөк көзү” ачылат. Тебризи менен өткөргөн убактысын туура эмес түшүнгөн Мевлананын шакирттери Тебризиден кутулууну ойлошот. Жана көп өтпөй 1247-жылы Шемси Тебризи көздөн кайым болот. Кээ бир жазма булактарда, аны Мевлананын кара өзгөй шакирттери тымызын өлтүрүп, денесин жашырып коюшкандыгы тууралуу айтылат. Буга өтө кайгырган Мевлана “Улуу Диван” аттуу көлөмдүү чыгарма жараткан.

                   Мевлана сопу катары таанымал улуу инсан. Бирок түркий жана фарсий адабиятында улуу чыгармалары менен акын катары таанымал. Анын “Улуу диванынан” сырткары, дагы  төрт салмактуу жыйнагы бар. Алар: “Месневи”, Мевлананын жети осуятын камтыган “Межалис-и Себа”, Мевлананын жакын санаалаштарына жазган каттарынан турган китеби “Мектубат” жана анын маектеринен түзүлгөн жыйнагы “Фихи Мафих” китеби. Булардын ичинен Мевлананы дүйнөлүк даанышман акындардын катарына кошкон чыгармасы - “Месневиси” болуп саналат. Ал жети жылда жазылып бүткөн жана мезгил өткөн сайын эң көп окулуп, дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп келаткан чыгармалардын алдыңкы орундарында турат.

                      “Азат жаша, жаның кымбат алтындан,

                      Ач көздөрдү асат дүнүйө алкымдан!

                      Эгер көлдөн кумурага куйса агым,

                      Эки ууртам суу толтурат курсагын.

                      Көз жүгүртүп чексиздикке узактан,

                      Куткар жанды кара ниет тузактан.

                      Ким жашаса махабатка карап суз,

                      Куш сыяктуу уча албайт ал канатсыз.

                      Анык сүйүү – Жаратканга жанашуу,

                      А калганы уруш-жаңжал талашуу.” - деген керемет ыр саптары ушул Месневисине тийиштүү.

                      Мевлана өз кезегинде суфийлик поэзиянын ири өкүлдөрү Аттар менен Санаинин чыгармаларынан таасирленип, кийинчерээк өз алдынча улуу акын болуп чыккан. Азыр дүйнөлүк адабиятынын классиктери аталган Абдурахман Жами, Алишер Навои өңдүү улуу акындар өз устаттары катары Мевлананы аташкан. Анын чыгармачылыгына немис аалымдары жана акындары Гегель, Гёте да жогору баа берген. Орус тамсилчиси Крылов да бир топ чыгармаларына негиз кылып Руминин жазгандарына кайрылган. Ал эми кыргыз акындары Нурмолдо, Жеңижок, Молдо Нияздар да Мевланадан өз насибин алышкан.

                      “Ойчул кебин түркөй укпайт “бышпаса”,

                      Ошондуктан сүйлөш керек кыскача” – деген Мевлананын ар бир ыр сабында өз окурмандарына жана шакирттерине сыр айткандай купуя.

                     Урматтуу окурмандар, фарсий жана түрк элдеринин негизги орток акындарынын бири Мевлана жөнүндө баянды уктуңуздар. Анын чыгармалары өтө көп тилге которулуп окулуп келмекчи. Эгерде Мевлананын “Месневисин” барактагыңыздар келсе, анда Алтынбек Исмаиловдун “Мевлана” аттуу котормосун сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар