Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедовдун Азербайжанга жасаган иш-сапары

Евразия күндеми-12

1380664
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедовдун Азербайжанга жасаган иш-сапары

Ардактуу угармандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркмѳнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедовдун Азербайжанга жасаган иш-сапары тууралуу кеп кылабыз.

 Түркмѳнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов 2020-жылдын 11-март күнү Бакуга бир күндүк расмий иш-сапарын жасады. Бакуда Бердимухамедовду президент Илхам Алиев расмий салтанат менен тосуп алды. Андан соң президенттер тар форматта сүйлѳшүү жүргүзүштү. Сүйлѳшүүлѳрдѳн кийин эки мамлекеттин ортосунда 17 келишимге кол коюлду. Илхам Алиевдин 2018-жылдын 21-22-ноябрында Түркмѳнстанга жасаган иш сапарында 21 келишимге кол коюлгандыгын эскерте кеткенибиз оң.

Азербайжан-Түркмѳнстан мамилелери акыркы жылдарда ѳнүгѳ баштады. Эки мамлекет транспорт, энергетика сыяктуу ѳздѳрү күчтүү болгон тармактарда албан ийгиликтер жаратууну самашууда. Бул багытта 2017-жылдын май айында Азербайжан жана Түркмѳнстан Каспий деңизинин жээгинде (Түркмѳнбашы, Алат) жаңы ири порттордун ачылышын жасашты. Баку жана Ашхабад бул тармакта кызматташтыкты ѳнүктүрѳ алса, Кытай менен Орто Азиянын Батыш менен байланышындагы негизги транспорттук багытты түзүп, Иран менен Россияга альтернатива болуу аркылуу чыгыш менен батышты кыска жол аркылуу бири-бирине байланыштыруу мүмкүнчүлүгүн жаратышат. Байланыш каттамдарынын арттырылышы үчүн Ооганстанды Түркмѳнстан, Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга байланыштыра турган “Лазурит” каттамынын жандандырылышы маанилүү болуп саналат. Баку менен Ашхабаддын ортосундагы транспорт каттамдарынын ачылышы Түркия үчүн да пайдалуу болуп, аты аталган үч ѳлкѳнүн транзит мамлекеттер катары позицияларынын чыңдалышына салым кошмокчу. Мындан сырткары Азербайжан менен Түркмѳнстан ѳткѳн жылы Бухарестте кол коюлган эл аралык Карадеңиз-Каспий деңизи транспорт коридорун ѳнүктүрүү үчүн иш алып барышууда.

Бакудагы жолугушууда билдирүү жасалбаганы менен эки мамлекеттин лидерлеринин түркмѳн газын Батышка жеткирүү маселесин талкуулашкандыгын айта алабыз. Каспий деңизинин түбү аркылуу курулушу пландалган жаратылыш газы түтүк линиясы, түркмѳн газынын батыштагы кардарларга жеткирилиши үчүн аябай маанилүү болуп саналат. Бул долбоордун жүзѳгѳ ашырылышы, эки мамлекет ортосундагы мамилелердин ѳнүгүшүнѳ салым кошуп, соода жүгүртүү кѳлѳмүнүн кѳбѳйүшүн камсыз кылат. Жолугушууда макулдашууга жетишилген соода үйлѳрүн ачуу, ишкерлер кеңешин уюштуруу маселелери экономикалык кызматташтыктын чыңдалышына салым кошот.

Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин ѳнүгүшүнѳ килем токуу тармагы да салым кошо алат. Бул тармакта эки ѳлкѳнүн тең чоң тажрыйбасы бар. Килем токуу тармагында эки мамлекет чогуу иш алып барса, бул тармакта дүйнѳдѳгү алдыңкы мамлекеттерден боло алышат.

Азербайжан кошуна мамлекеттер менен үч тараптуу дипломатия механизмин ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Баку бул механизмди Ашхабад менен да бирге ишке ашырса, мыкты натыйжага жетишет. Биринчиден, жогорку деңгээлдеги Азербайжан-Түркия-Түркмѳнстан үч тараптуу жолугушуусу кайрадан жандандырылышы керек. Мындан сырткары, Азербайжан жана Түрмѳнстандын тышкы иштер министрлери Россия, Казахстан, ϴзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Кытай жана Ирандык кесиптештери менен үч тараптуу жолугушууларды ѳткѳрсѳ болот. Бул үч тараптуу жолугушуулар салтка айландырылса, Түркмѳнстан-Азербайжан мамилелеринин пайдубалы чыңдалат.

Түркмѳнстан бейтарап статусун сактоо менен биргеликте, аймактагы мамлекеттер, ѳзгѳчѳ боордош ѳлкѳлѳр менен мамилесин дагы да ѳнүктүрүшү зарыл. Түркмѳнстан ѳз боордоштору менен кызматташтыкты ѳнүктүрбѳсѳ, экономикасын гүлдѳтүп, жогорку темптеги ѳнүгүүгѳ жетишүүсү кыйын болот. Ушундан улам Түркмѳнстан түрк тектүү мамлекеттер  менен интеграция процессине жигердүү катышышы керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков!



Тектеш кабарлар