Мунай  согушу

СЕТАнын тышкы саясатынын изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу пикири.

1377713
Мунай  согушу

Opec plus деп аталган Opec мүчөлөрү менен Орусия түзгөн уюм узун убакыттан бери сунуш  - талап тең салмактуулугун түзүп мунай бааларынын белгилүү бир деңгээлде калашына негиз түзүүгө аракет кылып жаткан. Өзгөчө да АКШлык мунай өндүрүүчүлөрү өндүрүшүн арттырган сайын Opec plus мүчөлөрүнүн барган сайын базар үлүшүн жоготуу менен баа ырааттуулугунун арасында бир дилемманын ичине киргени байкалбаса да бул кызматташууну улантууда ийгилик көрсөтө алышпады. Бирок коронавирус пайда кылган жаңы бир толкун бардык өлкөлөргө таасирин тийгизе баштаган бир мезгилде глобалдык экономиканын таасирлениши менен жаңы бир рецессия процесси жараяны байкалары мене мунай базары талап шокун жашады жана Opec plus өлкөлөрү да  аткарып жаткан иштерин улантуусу мындай турсун, Сауд Арабия менен Орусия башында турган бир билек күрөшүнүн ичине киришти.

СЕТАнын тышкы саясатынын изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу пикири.

Кытайдын Ухань шаарында ортого чыгып бүткүл дүйнөгө жайылган коронавирус пайда кылган глобалдык саламаттык коркунучу менен бирге дүйнө экономикасына да терең таасир тийгизе баштады. Кытай жана башка бир топ өнүккөн экономиканы да таасири астына алган вирустан кийин өндүрүшү ылдам төмөндөп, карантин астына алынган кишилер керектөө – сарптоолорун ылдам түрдө кыскарта башташты. IMF жана башка эл аралык финансы мекемелер менен банктардын билирүүлөрүндө глобалдык бир рецессиянын пайда болуу ыктымалы абдан жогору. Ушунун негизинде мунай талабынын 2020 -  жылы олуттуу түрдө төмөндөй тургандыгы күтүлүүдө. Дүйнөлүк энергия агенттигинин күтүүсү күнүмдүк эң аз 3 – 4 миллион баррель  мунай талабынын азаяры боюнча.

Мунай  базарындагы талап боюнча олуттуу түрдө төмөндөөнүн болушу күтүлүп, узун убакыттан бери АКШнын таш мунай  өндүрүшү артуу менен улантылууда. АКШ күнүмдүк 12 – 13  миллион баррелге жакын өндүрүштү ишке ашыра баштады. Өнүккөн таш мунай жана газына байланыштуу технологиялар өндүрүш чыгымын күн өткөн сайын төмөндөтүүдө. Суроо – талап багытындагы бул таасирлер салттуу өндүрүүчүлөрдү - эң башта да Сауд Арабия менен Орусияны кыйын абал менен бетме  - бет алып келди. Сауд Арабия Opec plus  келишиминин улантылышын ал түгүл бир жарым милллион баррель кошумча тыгыздаштыруу менен өндүрүш кыйынчылыгына барышын каалады, Орусия болсо талаптардын токтошунун АКШ сыяктуу конкуренттеринин ишине жарагандыгын жана барган сайын базар үлүшүн жогото баштагандыгын көрүү менен жаңы бир келишимдин ичине кирүүнү каалаган жок. Венада өткөрүлгөн Opec саммити да ийгиликсиз болду. Орусия менен Сауд Арабия өндүрүштү арттырып базар үлүштөрүн күчөтүү багытында аракет кылышарын жарыялашты. Мындай абал мунай бааларынын күтүлбөгөн жерден 30 пайызга жакын төмөндөшүн да алып келди. Тийиштүү адистердин көз караштары мунайдын 20 долларга чейин түшүшү мүмкүн экендиги боюнча. Бул сандар менен мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн чоң экономикалык кризиске кирерин айтууга болот.



Тектеш кабарлар