Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-80

3. Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Кул Кожо Акмат (Ахмет Яссави)

1359864
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-80

              Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында - түрк элдеринин орток адабиятынын маанилүү ысымдарынын бири - Кул Кожо Акмат жана анын “Хикметтери” тууралуу кеп кылабыз.

              Кадырлуу окурмандар, Жазылык Кул Кожо Акмат - түрк дүйнөсүндө Кожо Акмат Яссави аты менен таанымал. Бул улуу инсан, суфий диний агымынын башында келген жана анын “Хикмет” деп аталган казалдары менен белгилүү. Кул Кожо Акматтын түрк дүйнөсү үчүн мааниси аябагандай зор. Эң негизгиси ал ислам динин арап тилинде эмес өз тилинде, орток түрк тилинде түшүндүргөнү жана таратканы болгон. Кул Кожо Акмат 1105-жылы азыркы Казакстан аймагындагы Сайрам деген жеринде туулган.

Акмат жаштайынан илимге, билимге жана руханий дөөлөткө кызыккан киши экен. Исламдын негиздерин Бухарадагы медреседе окуп, терең түшүнүп болуп анан суфийлик тарабына оогону белгилүү. Бухарадан кайрылып келгенден кийин, “шайык” атка конуп, Казакстандын Яссы жа Жазы деген жерине медресе ачкан. Ошол жерде ислам динин жайылтып, аты алыска угулуп, шакирттери көбөйүп, өзүнөн кийин 90 миңге жакын мураттары болгон. Анын мураттары Ясави негиздеген сопулуктун, такыбалыктын маани-мазмунун Сибирден баштап Анадолуга чейин, Волга же Эдил боюнан тартып Улуу Кытай дубалына чейин жеткирген экен.

Ал – мусулманчылыктын чыныгы үлгүсүн көрсөткөн инсан болгон. Ар нерсеге сабырдуулук менен кароо, руханий тазалануу, жараткандын эркине толугу менен баш ийүү – бул, суфизмдин негизги куралдары болгон. Кул Кожо Акмат алтымыш үч жашка келгенинде, “Мухаммед пайгамбар жеткен жашка жеттим, пайгамбардан узак жашаганга эч бир акым жок”, деп санап, өзү негиздеген медресенин ичине жер төлө каздырып, анда он жылдан ашуун тынбай зикир чалып, чилтен болуп жүрүп өмүр өткөргөн экен. Ал эми андан калган мурасы, анын “Хикметтери” деп аталган казалдары азыр түрк дүйнөсүндө өтө кеңири таанымал.

                Кул Кожо Акматтын эски түрк тилинде жазылган ырлар жыйнагы “хикметтер” деп аталат. Мунун мааниси диндин сырлары жана чындыктарды үйрөнүү дегенди билгизет. Негизинен 11-кылымга караганда Жусуп Баласагун жана Кул Кожо Акмат эң биринчилерден болуп түрк тилинде адабий чыгарма жаракан улуу инсандар. Философиялык дүйнө таанымын өз эне тилинде жазып калтырган алгачкылар деп айта алабыз. Кул Кожо Акмат бул ырларында ислам дининин негиздерин, куралдарын, шарыяттын жол-жобосун, суфий агымына арнап, карапайым элге өз тилинде түшүнүктүү кылып төрт саптан ыр жазган. Анда, сопунун ыр саптарынан мисал бере өтөлү:

                      Дүйнө-мүлккө кумары аргып жан-малын жыйгандар,

                      Кузгун жемин жегендер арамга абдан батмакчы.

                      Молла, муфти болгонсуп жалган дуба кылгандар,

                      Акты кара дегендер тозокко барып жатмакчы.

                      “Дүнүйө-дүнүйө” дей бербе, бир Алла болсун айтарың,

                      Киши акысын жей көрбө, ысрат-көпүрө бар байкагын.

                      Эч ким сага жолдош болуп бирге эрчип кетпейди,

                      Бирге тууган бооруң да, аялуу сүйгөн жан-жарың.

                      Кул Кожо Акмат ынсап кыл, билбейм өмүрүң нече жыл,

                      Эмне болсо, жазмыштын көрөрсүң башка салганын” деген экен.

                     

                      Бул улукмандын хикметтерин кийин өзү каза болгондо, анын мураттары тарабынан жазылып калган. Кул Кожо Акмат тууралуу дагы бир маалымат, анын устаты жана окутуучусу атактуу Аслан-Баба шайык болгон экен. Кул Кожо Акмат тууралуу өтө көп уламыштарды угууга болот. Бул уламыштар ал кишинин канчалык улук экенине ишаарат.

                      Касиеттүү Кул Кожо Акматтын медресесин Чыңгызхандын аскерлери 12-кылымда талкалап кеткени тарыхта белгилүү. Бирок, ал медресе кийин, 14-кылымда, башкача айтканда, Кул Кожо Акмат каза болгондон 230 жылдан кийин император Тимурдун же Темирландын буйругу менен кайрадан курулган.

Урматтуу окурмандар, 2016-2017-жылдар ЮНЕСКО тарабынан “Ахмет Яссави” жылы деп жарыяланды. Буга байланыштуу маданий жана илимий иш-чаралар бүт дүйнөдө, анын ичинде түрк дүйнөсүндө өткөрүлдү. Бул улук, касиеттүү адамдын аты жана анын “Хикметтери” кылымдар бою жашай бермекчи.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар