Идлиб кризиси

СЕТА/ Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директор – жазуучу доцент Мурат Йешилташтын тема тууралуу пи

Идлиб кризиси

Идлиб узун убакыттан бери Сирия кризисинин орчундуу жерлеринин бири эле. Орусия менен Асад режими 2018 -  жылы сентярь айында Москва менен Анкаранын ортосунда Сочиде түзүлгөн меморандумга карабастан Идлибде оппозициячылдар менен жарандарды бутага алуу менен алдыга карай жылууну улантууда. Режимдин максаты Идлибде  оппозициячылдарды кысмакка алып, аскердик жактан күчсүздөнтүп Сирия жарандык согушунда  аскердик жеңишин жарыялоо деп белгиледи. Бул максаттын алдындагы бир гана тоскоолдук Түркия катары көрүлүүдө. Акыйкаттан да режим Түркияны Идлибдин түштүгүндө орун алган байкоо жерлеринин тынчын алып Анкаранын каршы турушуна карата  бир стратегия жүргүздү. 3 -  февралдан баштап Сирия режими Идлибдеги кол салууларын жаңы бир баскычка алып келди жана түздөн түз түрк аскерлерин бутага алуу менен 8 кишинин каза болушуна себеп болду. Бул абал Идлиб кризисинде жаңы бир баскычты белгилеп жатат.

СЕТА/ Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директор – жазуучу доцент Мурат Йешилташтын тема тууралуу пикири.

Идлибде болгондор бул маселени жакындан иликтегендер үчүн негизинен күтүлбөгөн абал эмес. Көп убакыттан бери Орусия жана Сирия режими Идлиб тууралуу стратегияларын баскыч түрүндө турмушка ашырды. Бул стратегиянын турмушка ашырылышына себеп болгон чоң  - кичине бир топ себептен сөз кылууга болот. Булардын биринчиси Идлибдеги оппозициячыл топтордун өз араларында биримдик түзүүдө ийгиликсиз болушу эле. Акыйкаттан да бул абал “Hayat Tahrir-i Şam” сыяктуу радикал топордун аянтта бийлик ээси болушуна себеп болду. Экинчи себеп болсо Орусиянын режимдин согушуу көлөмүн арттырууга карата таштаган кадамдар эле. Орусиянын аскердик булактары режимди аскердик жактан колдоду жана аларга иретсиз группалар менен кандай күрөшүү керектигин үйрөттү. Албетте буларга кошумча катары Орусиянын абадан чабуул коюу стратегиясы абдан аёсуз эле. Грозный моделин жактырган Орусиянын абадан кол салуулары  оболу шаарларды бомбалап кишилерди жок кылууда андан кийин да шаарды оппозициячыл топтордон толугу менен тазалоо үчүн жок кыла турганчалы өлчөмдө жашабай турган абалга алып келүүдө. Үчүнчүсү болсо аймактык  конъюнктуранын Орусия менен Сирия режимине дагы эркин чөйрө даярдашы. Режим регионалдык масштабдан каралганда Сирия кризисине карата кош көңүлдүктү мүмкүнчүлүк катары көрдү жана Идлибди толугу менен көзөмөлгө алуу үчүн аракетке өттү.

3 -  февралдагы окуялардан кийин Идлибде жаңы бир баскычка кирилген болобу? Бул маселенин жообу чындыгында маанилүү жана кризистин келечегине таасирин тийгизе турган элементтерди камтууда. Бул жерде мындан кийин Түркиянын кандай кыймыл кылары абдан маанилүү. Түркия үчүн Идлиб бир гана коопсуздук маселеси эмес. Идлиб тарабынан келе турган жаңы качкын агымы Түркияны дагы да кыйынчылыкка түртүшү мүмкүн. Акыйкаттан да президент Эрдогандын айтымына караганда 1 миллионго жакын качкын Түркия чек арасына карай келе жатат. Ушул себептен Түркия качкындардын чек арага карай келишине тоскоол болуу үчүн Идлибдеги абалды кайрадан карап чыгууга мажбур.

Түркиянын алтернативдеринин арасында эки жол бар. Биринчиси азыркы абалдын дагы көп тереңдешине тоскоол болуу үчүн режимге каршы баш тарттыруучу аскердик позицияны түзүү. Акыйкаттан да түрк аскерлери шейит болгондон кийин түрк коргоо министринин билдиргенине караганда Түркия режимдин 70 аскерин жок кылышына себеп боло тургандай аскердик жоопту берди. Бирок бул жол улантууга боло турган жол эмес жана Түркия  - Орусия карым  - катнаштарын тереңден таасирлентиши мүмкүн. Экинчи жол болсо азыркы абал аркылуу Түркия менен Орусиянын ортосунда жаңы бир Идлиб келишиминин түзүлүшү. Түркия да Орусия да карым  - катнаштарынын бузулушун каалабайт. Эки актер тең мунун киреше алып келүүнүн ордуна жоготуу алып келерин абдан жакшы билет. Ошондуктан Идлиб кризиси эки өлкөнүн карым  - катнашы жактан бир тест мүнөзүндө.

Идлиб кирзисинин адамзаттык жагы болсо эл аралык коомдун күн тартибине кайрадан келди. Европа кризиситин бир гана качкындар жагы менен алектенүүдө жана чындыгында Түркиянын ишин жеңилдете турган, адамзаттык трагедиянын алдын тосо турган кыймылдан алыс мамиле кылууда. АКШ болсо Идлиб тууралуу  Түркияга колдоо берген саясий билдирүүлөрдү гана берип жатат. Кризистин чыныгы жабыркоочулары балдар, аялдар менен кары  - картаңдардан турган жарандар. Идлиб кризиси тереңдей турган болсо мунун чыгымы бир гана Түркия үчүн эмес Европа үчүн да абдан чоң болот. Ошондуктан Идлибди бир гана Түркиянын маселеси катары карабастан,  маселени чечүүчү үчүн Түркиянын жанында болуу керек.



Тектеш кабарлар