АКШнын Евразия саясаты

Евразия күндеми-6

АКШнын Евразия саясаты

Ардактуу окурмандар! «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда АКШнын Евразия саясаты тууралуу кеп кылабыз.

 АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2020-жылдын 31-январынан 3-февралына чейин Украина, Беларусь, Казакстан жана Ѳзбекстанга иш сапарын жасады. Акыркы убакта АКШнын Евразия аймагынан алыстагандыгы тууралуу сөздөр айтылып жаткан эле. Бирок Помпеонун иш сапары абалдын мындай эмес экендигин көрсөттү. Эми Помпеонун иш сапарына кѳз чаптыралы.

АКШ Мамлекеттик катчысы иш сапарын Украинадан баштады. Баарыбызга маалым болгондой эле, Украина Россияга каршы күрѳштѳ АКШ жана Европа Биримдигине таянып келет. Бирок акыркы убакта Украина-АКШ мамилелери жогорку деңгээлде эмес. Эки мамлекеттин мамилелери “стратегиялык” делгени менен АКШ алигиче Украинага жаңы элчи дайындай элек. Доналд Трамптын Украина боюнча атайын ѳкүлү деген кызмат орун да азыр бош турат. АКШ Президентине каршы жүрүп жаткан импичмент процессинде Украинанын аты аталгандыктан ѳткѳн жылы шайланган президент Зеленский алигиче АКШга расмий иш сапарын жасай элек. Зеленскийдин АКШга иш сапары эки тараптын ортосундагы кызуу соодалашууга себеп болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Бул сыяктуу негативдүү окуяларга карабастан эки ѳлкѳнүн мамилелери улана берет. АКШнын Евразия саясатында Украина өзгөчө орунга ээ десек болот.

Майк Помпео 1-февралда Беларуска барды. Россия менен интеграция жана мунай маселелеринде кѳйгѳйлѳргѳ дуушар болгон Беларусь 26 жылдан соң АКШнын Мамлекеттик катчысын кабыл алды. Иш сапарга чейин Александр Лукашенко Россиядан алган мунайды керек болсо АКШдан деле сатып ала тургандыгын жарыялады. АКШ Лукашенконун мындай кадамына виза чектѳѳсү киргизилген мамлекеттер тизмесинен Беларусту чыгаруу аркылуу жооп кылды. Лукашенко-Помпео жолугуушусунда жаңы АКШ элчилик имаратынын курулушу, 2008-жылдан бери дайындалбаган элчилердин эң кыска убакытта дайындалышы, мунай экспорту маселелери талкууланды. Помпеонун иш сапары эки ѳлкѳ мамилелеринин кыска убакытта оңолушу үчүн жетишсиз. Бирок Лукашенко Кремлдегилер менен сүйлөшүүлөрүндө муну көзүр катары колдоноору анык.

2-февраль күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Нур-Султан шаарында Казакстандын лидерлери менен жолугушту. Помпеонун күн тартибинде ѳлкѳдѳгү АКШ фирмаларынын иштери, эки тараптуу экономикалык мамилелер жана Кытайдын диаспораларга каршы жүргүзүп жаткан саясаты бар эле. Майк Помпео Нур-Султанда Кытайдан келген казак автивисттер менен да жолугушту. Бул жолугушуу АКШнын Кытайга каршы көзүр катары Шиңжандагы адам укуктары маселелерин колдоно тургандыгынан кабар берет.

АКШнын Мамлекеттик катчысы 3-февраль күнү Ташкентте ѳлкѳ лидери менен жолугушту жана “С5+1” жыйынына катышты. “С5+1” жыйыны башка программанын темасы болгондуктан Помпеонун Ѳзбекстан сапарына бүгүн токтолбойбуз. 

 2018-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча АКШ Украина менен 4 миллиард, Казахстан менен 2,1 миллиард, Беларусь менен 500 миллион, Ѳзбекстан менен 300 миллион доллар көлөмүндө соода жүргүзгѳн. АКШ үчүн аталган мамлекеттер Россия менен Кытайга каршы саясатын ишке ашыруу, Пекин менен Москвага жакын аймакка жайгашуу үчүн маанилүү болуп саналат. Ѳзгѳчѳ Россияны курчоо үчүн АКШ жогоруда аты аталган мамлекеттер менен өз мамилесин бекемдөөгө муктаж. Баарыбызга маалым болгондой эле, АКШ 29-январда Россияга жаңы санкцияларды киргизди. Украина, Казахстан жана Беларусь Крым аннекциясынан кийин Россия менен тең салмактуулукту сактап турган мамлекет катары АКШ менен мамилелерин жандандырууга кызыкдар.

Түркия Евразиядагы маанилүү мамлекеттерден болгон Украина, Казакстан, Ѳзбекстан жана Беларусь менен мамилесин жогорулатуу аркылуу аймактагы позициясын бекемдеп жатат. Региондогу мамлекеттер менен тил табыша билүү аймактагы бүтүн тараптарга пайдалуу болуп саналат. Президент Эрдогандын быйыл Украина жана Беларуска иш сапары менен барышы, Казакстан жана Ѳзбекстан лидерлерин Түркияда кабыл алышы бул багытта жасалган маанилүү иштерден болуп калмакчы.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар