Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-79

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан-Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” поэмасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-79

              Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында - түрк элдеринин орток адабиятынын эң маанилүү чыгармаларынын бири – Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” поэмасы тууралуу кеп кылабыз.

              Кадырлуу окурмандар, “Кут алчу билим” орто кылымда жазылган түрк элдеринин эң көлөмдүү жана эң нарктуу чыгармасы болуп саналат. Бул поэманы 11-кылымда улуу ойчул, акын, философ Жусуп Баласагын жазып калтырган. Кут алчу билим деп аталганын эки мааниде түшүнсө болот. Биринчиси, бактылуулукка чакырган билим дегенди билгизсе, ал эми ички маңызы саясат билими дегенди туюндурат.

            Анда, алгач жазуучу жөнүндө учкай кеп айта өтсөк, Жусуп Баласагын өзү тууралуу чыгармасынын кириш сөзүндө кыскача маалымат жазып калтырган. Бул маалыматка караганда, Карахан доорунда - азыркы Кыргызстандын Токмок аймагына жакын Баласагын шаарында төрөлгөн. Ошондой эле чыгармасында маалымдагандай, ал болжол менен 1010-1018 – жылдардын биринде жарык дүйнөгө келген.

            Ал учурундагы эң билимдүү адамдардын катарына кирген. Арапча менен фарсчаны абдан жакшы өздөштүргөн. “Кут алчу билим” поэмасын 55-59 жаштарында жазганын болжоого болот. Бул поэмасын Баласагын шаарынан баштап 1070-жылдары Кашкарда аяктаган. Ошол учурда Кашкар шаары эң күчтүү башкаруу жана маданий борборлордун бири болгон. Баласагын өзүнүн чыгармасын Кашкар шаарынын өкүмдары Табгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэмасын баалап Баласагынга “Улуг Хас-Хажиб” деген наам ыйгарган. Бул наам өтө кадырман адамдарга гана берилген. Баласагындын чыгармасынын баалуулугун анын нускаларынан билүүгө болот. Балким поэмасы бир топ жолу көчүрүлгөн чыгаар. Бирок, бүгүнкү күнгө жеткен үч нускасы белгилүү. Бири – Вена шаарында, бири – Египеттин болбору Каир шаарында жана үчүнчүсү Наманган шаарында табылган. Бул чыгарма арап ариби менен жазылган 6645 саптан турган поэма. Анын ички мазмунун карап чыгып, “Кут алчу билимди” жалгыз гана орток түрк адабиятынын жана маданиятынын эстелиги дебестен, дүйнөлүк руханий мурастын эстелиги катары да кароо керек. Анда азыркы кеп “Кут алчу билим” поэмасы тууралуу болмокчу.

                  “Кут алчу билим” чыгармасы, ыр жана кара сөз түрүндө жазылган. Кириш сөзүндө байыркы акындардын чыгармаларында адат болуп келген асман менен жерди, тоо менен түздү, суу менен деңизди, жылдыз менен күндү жана башкаларды даңазалаган салттуу мотив бар. Андан соң, Жаратканга жана Пагамбарга, кийин падышага мактоолору жазылган. Мындан улап, жети жылдыз жана астрономиялык он эки жылдыз тууралуу баяндап өтөт. Кийинки ыр саптарында – адам баласынын наркы илим менен акылдан билинээрин жазат. Ал ыр саптарында мындай дейт:

                      Ким китепти окуй билсе күтүнө,

                      Эки дүйнө жарык берер ишине.

                      Илим менен — кырсык, кемтик түзөлөт,

                      Билим менен — эл кыйыры бүтөлөт.

                      Билим болсо — жан кыйышпас дос саган,

                      Илим болсо — кесиптешиң, кошунаң.

             Чыгармада мындан башка, тилдин пайдасы жана зыяны, дин тууралуу жана Баласагындын акыл-насааты менен толукталат. Поэманын маңызын түшүндүрүү үчүн символикалык төрт адамды чагылдырат. Алар, Өкүмдар Күнтууду –адилеттиктин, вазир Айтолду – бакыттын, вазирдин уулу Акдилмиш – акыл-эстин жана вазирдин иниси Өткүрмүш – каниеттиктин символун билдирет.

               Чыгармада, вазир Айтолду өз шаарынан окуп-билим алып, чоңойгондон кийин өлкөнүн борборуна барып өкүмдар Күнтуудуга вазирдик кызмат өтөйт. Айтолду абдан билимдүү, акылдуу, учурунда көп өнөрдүн ээси болгон кыраакы киши болот. Ал падышанын оң колу болуп акыл-насааты менен мамлекетти башкаруусуна салым кошот. Айтолду айыккыс дарттан көз жумуп, уулу Акдилмиш анын ордуна кызмат кылат. Падыша Акдилмишке өзү сыяктуу дагы бир кишини табуусун буюрат. Ошондо атасынын иниси Өткүрмүштү чакырат. Бирок, жашоосунан канаат алып жашаган Өткүрмүш, саясатка жанашпай тоодогу үйүндө кудайга кулдук уруп жашаарын билдирет. Чыгарманын сонунда Өткүрмүш дагы дүйнө салат. Акдилмиш өкүмдарга узун өмүр, жакындарынын ден соолугунун чың болушун жана башкарган жеринин кеңейишин тилөө менен аяктайт.

             Чыгарма, баштан-аяк акыл насаатка толгон көрөңгө, туура жашоонун акыл китеби деп айтууга болот. Адам ички жан дүйнөсү менен сырткы турпатын төп келиштирип алып жүргөндө гана бакытка жетээри айтылат. Бул дүйнөгө жаралган ар бир адамзаттын көтөрүмдүүлүк, сабырдуулук жана көптөгөн нарктуу касиеттердин ээси болууга үндөйт, ошо менен бирге мактанчаактык, шашмалык, сараңдык сыяктуу мүнөздөрдүн кесепетин баса белгилеп өтөт.

              Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда 11-кылымда жазылып калган Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” поэмасы тууралуу кеп болду. Бул чыгарма тууралуу өтө көп изилдөөлөр жүргүзүлдү, жана дагы да макалалар жазылып келүүдө. Ар түрк элдеринин азыркы тилдерине ылайык оодарылган эмгектер да жазылган. “Кут алчу билим” чыгармасы ар бир үйдүн чакан китепканасында орун ала турган эң маанилүү китептердин бири деп айта алабыз. Ошол себептүү бул китепти окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар