Берлинден кийин Ливия

Апталык анализ программасы-04

Берлинден кийин Ливия

Берлинден кийин Ливия

Өткөн аптада Германиянын борбор калаасы Берлинде чогулган Ливия саммити, Ливияда уланып жаткан ок атышуунун убактылуу токтотулушун камсыздады. Бирок Ливия кризисинин толук түрдө чечиле алуусун камсыздай турган жыйынтыктарды өндүргөн жок. Ливияда чечүүчү жол үчүн эң оболу эл аралык коомчулук тууралуу актерлордун, аймактык актерлордун жана Ливиянын ичиндеги жергиликтүү актерлордун макалдашуусу керек. Берлин саммити сөз болгон актерлордун макулдашуусу үчүн дипломатиялык платформа даярдады, бирок толук макулдашууну пайда кыла алган жок.  2019-жылдын апрель айынан бери Халифе Хафтердин башкаруусу астындагы жалган Ливиянын улттук армиясы БУУ тарабынан мыйзамдуу деп кабыл алынган Ливиянын жалгыз өкүлү Улуттук ынтымак өкмөтүн кулатууга карай аскердик операцияларды жүргүзүүдө. Хафтерди Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) баш болуп Египет, Сауд Арабия жана Франция сыяктуу мамлекеттер колдоп келет. Франциянын козголоңчу Хафтерди колдоого алуусу болсо чоң бир ирония. Ошондуктан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн арасындагы Франция Хафтердин Ливияда кылган согуш кылмыштарына кадимкидей колдоо көрсөтүүдө жана БУУ тааныган өкмөткө каршы мыйзамсыз операцияны көрмөксөнгө салууда.

SETAнын   Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору жазуучу, дц.д-р Мурат Йешилташтын бул тема тууралуу сереп салуусу...

 

БАЭ жана Египет Хафтердин эң чоң колдоочуларынын арасында орун алган. БАЭнин Ливияда өзү иштеткен аба базасы жана Хафтерге көрсөткөн колдоосу аркылуу Хафтерге караштуу күчтөр өлкөнүн маанилүү бөлүмүн көзөмөлгө алды. Египет да бул процессте Хафтерге аскердик колдоо көрсөттү, ал эмес аянтта өз аскерлерин жайгаштырды. БАЭ,Египет жана Сауд Арабия Ливияда диктатор жана бир эле убакта аскердик бийликтин болушун каалашат. Бул Араб жазынан кийин сөз болгон өлкөлөрдүн негизги саясатына айланган.

Берлин саммитинен кийин жарыяланган 55 беренелик декларацияны карасак, аянттагы учурдагы аскердик тең салмактулуктун Хафтер жана колдоочуларынын пайдасына дагы көп жыйынтык өндүрө ала турганы түшүнүктүү. Ошондуктан жыйынтык декларациясы Хафтердин мыйзамсыз аскердик кийлигишүүлөрүн көрмөксөнгө салууда жана Хафтерди мыйзамдуу актер абалына келтирүүдө. Келип жеткен жерде болсо Хафтерге инвестиция салган Египет жана БАЭ баш болгон көп сандаган тышкы актердун Хафтердин Триполинин үстүнөн саясат жана аскердик таасирин туурктуу абалга келтирүүнү каалаганы түшүнүктүү. Ушундайча Хафтер мунай зат министрлиги жана Ливиянын борбордук баныкынын көзөмөлүндө сөз ээси болуу аркылуу өлкөнүн келечегинде сөз ээси болгусу келет. Андан да маанилүүсү Берлин саммитинин жыйынтык декларациясында Ливияга карай оор курал эмбаргосунун уланышы жана өлкөдө орун алган чет элдик элементтердин артка кайтышы тууралуу маалымат берилсе дагы БАЭнин буга баш ийбегени айтылса болот. Бул аянттагы абалды дагы татаалдаштырууда жана саясий чечүүчү жол табууну кыйынчылыкка түшүрүүдө.

Ливия кризиси убагында Улуттук ынтымак өкмөтүн колдогон Түркия болсо Берлин саммитинде саясий чечүүчү жолду жактаган мамиле көрсөтүүнү тандады. Саммиттин жыйынтык декларациясынын беренелеринин ар бирине толук түрдө канагаттанбаса да Улуттук ынтымак өкмөтүн колдоп жалгыз болбогонун көрсөттү. Ансыз деле Түркия процесске кирбегенде Хафтер күчтөрүнүн Триполини колго алышы заматта боло турган иш эле. 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Ливия жана Түриянын ортосундагы келишим чоң өлчөмдө муну камсыздаган болду. Эми Түркия Ливияда аскердик жана дипломатиялык түрдө эң маанилүү тараптардан бири. Маселенин аскердик түрдө чечилүүсүнүн мүмкүн болбогонун билет жана дипломатиылык чечүүчү жол үчүн Берлинде дагы күчтүү чакырык салды.

Берлин саммити Ливия маселесине туруктуу чечүүчү жолду алып келген жок, бирок мындан кийин кандай жол картасы байкалышы керектигин ортого салды. Эгерде Хафтер жана колдоочулары аскердик чечүүчү жолдо өжөрдөнүп турса анда Ливия кризисинин дагы тереңдешүүсүнө себеп болот. Бул түшүнүк Сирия кризиси сыяктуу терең аймактык кризистин дагы тереңдешүүсүнө жана аймакты ыраатсыздаштыруусуна себеп болот. Ошол себептен Берлинди мүмкүнчүлүк катары көрүш керек.

 

 

 



Тектеш кабарлар