Иран – АКШ араздашуусу
Саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөрдүн коопсуздук иликтөөлөр дирктору жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Иран - АКШ келишпестиги Касым Сүлейманинин Багдатта АКШ тарабынан өлтүрүлүшү жана Ирандын АКШны Иракта бутага алышынан кийин дагы да күч алды. Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс атайын күчтөрүнүн командири болгон Сүлеймани Ирандын акыркы мезгилде аймактык саясаттын негизин түзгөн. Сүлеймани араб көтөрүлүштөрүнүн башталышынан кийин Ирандын тышкы операцияларын башкарган эң негизги ысым катары алдыга чыккан. Ливан, Сирия, Ирак жана Йеменде активдүү роль ойногон Сүлеймани шиит куралчандарынын аймактагы кагылышууларда роль алышын уюштурган киши болгон. Муну менен бирге Сүлеймани Ливандан Йеменге куралчандар аркылуу бийлигин курду жана Иран ички саясатында руханий лидер Хаманейден жана президент Руханиден дагы жогорку популярдуулукка жетишти. Сүлейманинин ойногон ролдору жана алган жоопкерчиликтерин ойлогондо өлүмү Иранды тереңден санаарката турган бир процессти башташы мүмкүн.
Саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөрдүн коопсуздук иликтөөлөр дирктору жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.
Сүлейманинин өлтүрүлүшү жана артынан дароо эле Ирандын берген катуу каршылыгы Жакынкы Чыгыш саясатында 2020 - жылдын абдан олуттуу өтөрүнүн далили мүнөзүндө. АКШ - Иран араздашуусу эки өлкөнүн ортосунда түздөн түз согуштун чыгышына себеп болобу белгисиз бирок эки актердун узун убакыттан бери келе жаткан жашыруун согушун дагы да тереңдетет. Тегеран башкаруусу Сүлейманинин өлүмүнөн кийин өч алуу үчүн ант берди жана кыска убакытта бул антында тургандыгын көрсөттү. Узун убакыттан бери кыйын күндөрдү өткөргөн Иран коому да Тегеран көчөлөрүндө өч алуу антын коштогон ураандар менен жүрүүнү улантууда. Багдат көчөлөрүндө да Сүлеймани менен бирге өлтүрүлгөн Мухендистин өчүн алууга карата ураандарды салышты. Ал түгүл жаңы курулган чоң - кичине куралдуу уюмдар, экөөсүнүн өчүн алуу үчүн ант ичүү видеолорун жарыялашты. Ирак парламенти да Америка аскерлеринин Ирактан чыгуу чечимин чыгарды жана өкмөткө жоопкерчилик берди. Ансыз да узун убакыттан бери ички кагылышуу жана саясий хаос менен бетме - бет болгон Ирактын бул кыйын процесстен кандай өтөрү маанилүү суроо эле. Ирактыктар АКШ - Иран араздашуусунун жана конкуренциясынын өз өлкөлөрүн урандыга айландыргандыгын билишет. Бирок колдорунан эч нерсе да келбейт. «АКШда эмес, Иран да эмес, бир гана көз карандысыздык Ирак» деген ойду турмушка ашыра турган күчү жок.
Тегеран башкаруусу болсо АКШга кандай каршылык берилерине байланыштуу чукул абалдарда чогулган Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешин чогултту. Хаманей да жыйынга катышты. Иран мамлекети шииттикте да күчтүү символ болгон кызыл түстүү согуш байрагын мечиттердин куполдоруна илди. Тегеран башкаруусу өзгөчө Ирандын атомдук программасы тууралуу эл аралык убадаларды орундатпай тургандыгын жана уранды байытууну улантарын билдирди жана АКШга абдан оор жооп кайтарарын билдирди. Акыйкаттан да АКШга карата жообун Иракта кайтарды. Бирок бул каршылык Сүлейманинин өлтүрүлүшүнө карата берилген жооппу азырынча муну айтуу кыйын. АКШнын кандай жооп берери бул жактан абдан маанилүү.
Сүлейманинин өлтүрүлүшү Жакынкы Чыгышта баарын аракетке өткөрдү. Бардык актерлор мындан кийин эмне болоруна байланыштуу божомолдорду билдирип жана бул божомолдорго карата эсеп чыгарышууда. Азырынча Түркия тынчтанууга чакырган дээрлик бир гана өлкө. Израиль Сүлейманинин өлтүрүлүшүнөн кубанычтуу. Сауд Арабия ансыз да Сүлейманини колу кандуу киши катары аныктап жатат. Мындан абдан кубанычтуу бирок Ирандын бере турган жообунун өзүнө багытталышынан да коркуп жатат. Булуңдун кичине өлкөлөрү болсо тынчсыздануу ичинде. Эл аралык коом да үнсүздүгүн сактап жатат. Келген жооптор канаатандыраарлык эмес. АКШ согуш болсо согуша тургандай көрүнүү менен бирге чыңалууну түшүрүп Иранды кайрадан столго отуртуунун артында. Согуш чыгабы белгисиз бирок 2020 – жыл Жакынкы Чыгыш үчүн абдан олуттуу болот.