Буларды билесиздерби ?

Мышык багуунун пайдалары.

1336171
Буларды билесиздерби ?

    

Үйдө мышык багуунун кишинин ден соолугуна көптөгөн пайдасынын бар экендигин билесиздерби ?

Адам жана жаныбарлардын арасындагы байланышты  изилдеген илимпоздор мышык багуунун саламаттык үчүн кээ бир пайдаларынын бар экендигин ортого чыгарышты. Үйдө бир мышык менен жашоо; социалдык байланышты арттырат жана дагы көп күлүүгө, ойноого, көнүгүү жасоого мүмкүнчүлүк түзүп, депрессияны азайтат. Ушундайча иммунитет системасы дагы жакшы иштейт.

Адам жана мышык  тууралуу далилди ортого чыгарган эң эски табылга Кипрде бир адам мазарындагы 9500 жылдык мышыктын скелети. Анадолудан келген биринчи дыйкандар жапайы мышыктарды кеме менен аралга алып келгенге чейин Кипрде мышык болгон эмес. Бул абал мышыктар менен адамдардын Анадолуда 10.000 жылдан узун убакыттан бери, дыйканчылыктын башталышынан бери бирдикте жашагандыгын көрсөтүүдө.

Сулуу мышык түрлөрүнүн бири болгон Ван мышыктары бир гана Ван көлү аймагында жашаган мышык түрү. Бул мышыктардын бир көзү көк, бир көзү янтарь түсүндө болушу бат – бат кездешилген генетикалык бир бузуктук. Түлкүнүн куйругундай куйругу жана апапак, жибек сымал жүндөрү бар. Сууну жана сүзгөндү абдан жактырышат. Ван мышыгынын Ванга таандык баалуулук экендиги расмий түрдө 2006 -  жылы 22 -  апрелде тастыкталды.

 

 



Тектеш кабарлар