Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-70

Кумук адабиятынын белгилүү жазуучуларынын бири – Гайрулла Давутовдун чыгармачылыгы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-70

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун кумук адабиятынын белгилүү жазуучуларынын бири – Гайрулла Давутовдун өмүр баяны тууралуу жана анын чыгармачылыгынан кеп салабыз.

Кумук элинин басымдуу көпчүлүгү азыркы Россия федерациясына караштуу Дагестан мамлекетинде жашашат. Үч жүз миңдей эли болгон бул кумук калкынын жери Чеченистан жана түндүк Осетия мамлекеттеринин ичинде жайгашкан. Алар кумук тилинде сүйлөшүшөт. Ал эми адабияты тууралуу айта кетсек, кумук жазма адабиятынын башаты 18-19-кылымдарга барып таянат. Кумуктар Какашуралы, Ырчы Казак жана Осмонов сыяктуу алгачкы классик акын-жазуучулары менен таанымал. Булардын учун улаган кийинки кумук акын-жазуучулардын ичинде Гайрулла Давутовдун атын да атоого болот. Гайрулланын жазган эмгектеринин аз болгонуна карабастан, өтө нарктуу чыгармаларды калтырган. Жазуучу Дагестандагы Кака-шура айылында жарык дүйнөгө келген. Ал бала чагынан жетим калып, өтө оор турмушту башынан өткөргөн. Ал окууга болгон шыгы менен кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн. Чыгармачылыгынан сырткары бир топ жерде иштеген. СССРдин ар башка өлкөлөрүнө барып иштеп, жеке тажырыйбасы менен кумук адабиятына чоң салым кошкон. Гайрулла Давутов жашоосунда көптү көрүп, аңгеме-повесттеринде эмгекчил, кызматкер адамдардын жашоосун, алардын психологиясын өтө кылдаттык менен сүрөттөгөн. Анын чыгармалары негизинен адамдын ички жан дүйнөсүнө сүңгүп, мээримдүүлүккө, алсыздарды колдоого, табият сүйүүсүнө жана аны коргоого үндөйт. Гайрулла Давутовдун элге кеңири таралган “Азиз табият” жана “Токой булагы” аттуу эки китеби белгилүү. Ал эми эл ичинде таанылган чыгармаларынын бири “Шайтан талаада” аттуу аңгемеси болуп эсептелет. Бул чыгарма орус жана түрк тилине да которулуп окулуп келет.

Гайрулла Давутовдун “Шайтан талаада” аттуу аңгемеси 1980-жылы “Достук” журналына жарык көргөн. Чыгарма айыл жергесинде өтөт. Башкы каарман Курман чоң атасы менен чөп чабыкка чыгат. Ал өз атасын сүрөтүнөн гана тааныйт, анткени атасы согуштан кайтпай калган. Бар адамы ушул чоң атасы. Чоң атасы өтө иштерман киши болот. Андан озуп талаада иштеп жүргөндөрдү эч жактырбайт. Андай кишилер Осмон сыяктуулар болсо андан бетер кыжырданат. Осмон айыл боюнча кабыл алынбаган чыккынчынын атасы катары таанымал. Элдин балдары ата мекен үчүн согушуп аткан учурунда анын баласы аскерден качып кеткен деген имиш менен күнөөлөнөт. Анын келини санаадан ооруп бул дүйнөдөн өтүп кете берген. Осмондун да тек карманаар адамы небереси, ай чырайлуу Гүлайбат болот. Мына бүгүн да Курмандын чоң атасынын кыялы кармап талаага жетээри менен Осмон экөө кайым айтыша түшөт. Бул нерсе алардын неберелери Курман менен Гүлайбаттын ортосундагы сүйүүгө чоң тоскоол эле. Үмүтсүз гана бири-бирине карашат. Шайтан талаа деп аталган бул жердин сыры - жамгырдуу күндөө суу ташкындап, уюлгуган бороон-чапкын боло түшөөр эле. Чыгармада ошондой күнгө туш келип, катуу жамгыр башталат. Табияттын бул күчү араздашкан эки карыяны бир алачыкка корголотуп жакындатат. Окуя андан улап өмүр бою чыккынчынын атасы аталган Осмондун да жүзүн күлдүргөн кабар келет. Көрсө баласы ата мекен чыккынчысы эмес эле согуштан жарадар болуп, көпкө Югославияда кармалган экен. Осмондун кубанычына кошулуп күн да жаркый түшөт. Ал эми бүдөмүк келечекке үмүтсүз караган эки жаштын сүйүнүчүнө чек жок эле. Жашоо өз нугуна түшүп, Осмон эл алдында жүзү жаркып, Курман менен Гүлайбаттын бактылуу сүйүүсү гүлдөйт. Бул аңгемеде - эски муун менен жаңы муундун чаташуусу, ар намыс, социалдык психология, адамдын ички жан дүйнөсү өтө жакшы сүрөттөлгөн үчүн чыгарма эл ичинде көп окулуп келет.

     Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда кумук адабиятынын белгилүү жазуучусу Гайрулла Давутовдун чыгармачылыгы менен тааныштыңыздар. Кумук элинин адабиятына кызыктар болсоңуз, анда Гайрулла Давутовдун “Шайтан талаа” аңгемесин дагы окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 



Тектеш кабарлар