Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-67

Түрк адабиятынан Халида Эдиб Адывардын “Оттон көйнөк” романы.

1303116
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-67

                    Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк адабиятынын белгилүү жазуучусу, саясатчы, академик, журналист Халиде Эдип Адывар айымдын өмүр-баянынан жана анын “Оттон көйнөк” аттуу белгилүү романынан кеп салабыз.

                     Кадырлуу окурмандар, түрк адабиятынын ийгилик жараткан айым жазуучулардын башында Халиде Эдип Адывардын ысмы өтөт. Анын чыгармаларынын үстүнөн кылым өтсө да көп окулуучу китептердин арасынан орун алган. Халиде Эдип Адывар түрк адабиятында белгилүү роман жазуучусу катары таанымал. Балалык чагына кайрыла кетсек, ал 1884-жылы Стамбул шаарында төрөлгөн. Кичине кезинде атайын билим алган соң, Үскүдардагы Америка кыздар коледжин аяктаган. Стамбулдагы бир топ мектептерде мугалим болуп иштеген. Биринчи дүйнөлүк согушта Сирияга барып кыздар мектебинин текшерүүчүсү катары кызмат өтөгөн. Стамбулга кайтканда университетте биринчи мугалим айым болуп лекция окуган. Ал коомдук иштерге да активдүү катышкан. Белгилүү “Куртулуш” согушунун учурунда Анадолуга өтүп согуш үчүн жардам берген. 1926-жылы жолдошу Аднан Адывар менен чет өлкөгө чыгып он жылдан ашуун убакыт Европада жана Америкада жашаган. Башка өлкөлөрдү кыдырып илимий докладдарын окуган жана чет элдик университеттерде сабак берген. 1939-жылы өлкөсүнө кайтып, университетте профессор наамын алып, Англис тили жана адабияты бөлүмүндө лекция окуган. Анын азыркы учурда да колдон түшпөй окулчу “Синекли баккал дүкөнү”, “Оттон көйнөк”, “Хандан айым”, “Жүрөк оорусу”, “Айланган күзгү”, “Йол палас кылмышы” сыяктуу жыйырма чакты белгилүү романдары, “Тоого чыккан карышкыр”, “Измирден Бурсага карай” өңдүү аңгемелери, “Сирендүү үй”, “Түрктүн от менен болгон сынагы” сыяктуу эскерүүлөрү, театр жанрындагы драмалары жана бир топ илимий макалалары бар. “Синекли баккал дүкөнү” романы чыгармаларынын ичинен эң популярдуусу болуп эсептелип, алгач англисче жазылган. Кийин түркчөгө которулуп 1943-жылы Жумурият Элдик Партиясынын сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармаларын изилдөөчүлөр үч бөлүккө бөлүп карашат. Биринчиси - аялдардын укугун жана билим алуусун колдогон чыгармалары, экинчи - улуттук боштондук күрөш жылдарын чагырдырылган романдары жана акыркысы - каармандын көзү менен ошол учурдун коомчулугун сүрөттөгөн чыгармалары. 1950-жылы бир топ жыл депутат болуп кызмат өтөгөндөн кийин кайра университетке келип иштеген. 1960-жылы пенсияга чыгып, 1964-жылы бул дүйнөдөн кайткан.

                Халиде Эдип Адывардын белгилүү чыгармаларынын бири – “Оттон көйнөк” романы. Бул роман 1923-жылы жазылган. Романда түрк элинин 1919-жылы башталган белгилүү “Куртулуш” согушунда болгон окуялар сүрөттөлгөн. Айрыкча бул чыгарма “Куртулуш” согушу тууралуу жазылган биринчи роман катары да таанымал. Жазуучу окуяны романдын башкы каармандарынын бири, согуштан эки бутунан ажыраган Пейаминин күндөлүк дептеринен баяндайт. Романда башкы каармандардын бири Айшанын тагдырына басым жасалат. Анын жолдошу менен балдары Измир шаарын басып кирген гректерин огунан каза табышкан болот. Жараланып кутулган Айша Стамбулдагы агасы Жемалга келет. Ошол учурда Стабулда өткөн согушка даярдануу митингинен улам Айша, агасы Жемал, Жемалдин достору Пейами жана Ихсан төртөө Анадолуга жол тартышып, улуттук күчтөрдүн командасына катышышат. Айша ал жерде жарадарларга жардам берип, медайым болуп иштейт. Пейами котормочу, Ихсан аскер башчысы кызматтарында болот. Экөө тең Айшага тымызын ашык болуп жүрүшөт. Учурунда Пейаминин апасы алыс тааныштарынын кызы - Айшаны келин кылып алууну ойлогондо, Пейамы каршы болгон. Муну билген Айша Пейамиге жанашпайт. Бирок Ихсанды жакшы көрүп калат. Ихсанга туугандары тарабынан бир жакынынын кызын алуусу сунушталат. Айшаны жакшы көргөн Ихсан ал кыздан баш тартат. Бирок ага жолугуп коштошуп жаткан жерин көргөн Айша жаңылыш түшүнүп андан да алыстайт. Ошентип сүйүүлөр айтылбай жүрөктө калат. Душман тарабынан кол салуу күчөп Ихсан окко учат. Муну уккан Айша согуш майданын көздөй жүгүрүп бара жаткан жеринен ага да ок тийип көз жумат. Айшанын байкеси Жемал дагы ушул согуш майданында өлөт. Пейаминин башына ок тийип, жарадар болуп кутулат. Ал операцияда эс тутумунун жоголуусунан, сүйүүсүнүн элесин жоготуудан коркот. Буга карабастан операция учурунда ал дагы көз жумат. Пейами өлгөндөн кийин күндөлүгүн таап алышкан докторлор Айша менен Ихсанды сураштырат. Бирок улуттук күчтөр командасында андай ысымдагы кишилер эч качан кызмат өтөбөгөнү айтылат. Бул жөн гана Пейаминин көргөн иллюзиясы болот.

                 Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда белгилүү түрк жазуучусу Халиде Эдип Адывардын өмүрү-чыгармачылыгына күбө болдуңуздар. Анын чыгармалары бир топ тилге которулганы белгилүү. Эгерде “Оттон көйнөк” романына кызыгуу жаралган болсо анда эне тилинде, англис жана орус тилдеринде которулган котормолорун барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар