Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон манилүү окуялар.

Тарыхта бүгүн

*** 1918 -  жылы 30 -  октябрда Британия, Франция, Орусия жана Италияга каршы кирген Биринчи Дүйнөлүк согуштан жеңилүү менен чыккан Осмон мамлекети  менен жеңген мамлекеттердин арасында Мондорос келишимине кол коюлду. Келишим менен Осмон мамлекети куралдарын таштап, Стамбул жана башка осмондук жерлери менен Анадолуну басып алуу мезгили башталды.

*** 1923 -  жылы 30 -  октябрда Түркия Республикасынын биринчи өкмөтү президент Мустафа Кемал Ататүрк  премьер   министр кылып дайындаган Исмет Инөнү тарабынан курулду. Өкмөт Түркия Улуттук Парламентинен ишеним добушун алды.

*** 1938 -  жылы 30 -  октябрда Орсон Уэллстин радиого ылайыкташтырылган жана марстыктадын жерди басып алышынан сөз кылган «Дүйнөлөр согушу» оюну биринчи берилишинде АКШда өлкө масштабында дүрбөлөңгө жол ачты.

*** 1961 -  жылы 30 -  октябрда болсо советтер союзу  Арктика океанындагы Новая Земля аралдарында күчү 58 мегатондук суутек бомбаларын  сынады. Бул жер шарында болгон жана адам баласынын колунан чыккан эң күчтүү жарылуу катары каттоого өттү. Советтер союзунун лидери Никита Хрушев сыноонун 100 мегатондук күчүндө пландалгандыгын бирок радиоактивдүү чачырандылардан коркушкандыктан күчүн чектешкендерин билдирди.

*** 1961 -  жылы 30 -  октябрда түрктөрдүн Германияга миграциясын баштаган жумушчу алуу  келишимине түрк жана немис жетекчилердин арасында кол коюлду.

*** 1970 -  жылы 30 -  октябрда Вьетнамда катуу муссон жамгырларынын натыйжасында 293 киши каза болду.

*** 1973 -  жылы 30 -  октябрда Босфор көпүрөсү (15 -  Июль Шейиитер көпүрөсү) президент Фахри Корутүрк тарабынан ачылды.

*** 1983 -  жылы 30 -  октябрда Эрзурум жана Карста болгон жер титирөөдө 1330 киши каза болду.

 

*** 2015 -  жылы 30 -  октябрда болсо дүйнөлүк континеттер аралык оор салмактагы бокс чемпиону Синан Шамил Сам боорундагы оорудан улам дарыланып жаткан ооруканада каза тапты.

 

*** 2017 -  жылы 30 -  октябрда «Темир Жибек Жолу» Баку -  Тбилиси -  Карс  темир жолу азем менен ачылды.



Тектеш кабарлар