Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

Тарыхта бүгүн

*** 1923 -  жылы 29 -  октябрда Түркия Улуттук Парламенти тарыхый отурум менен Боштондук Согушунан кийин жаңы курулган мамлекеттин саясий режиминин Республика болорун дүйнөгө жарыялады.

Конститутцияга киргизилген өзгөртүү менен «Түркия Республикасы» курулду. Республиканын курулушу менен Мустафа Кемал Ататүрк Түркия Республикасынын биринчи президенти болду.

*** 1924 -  жылы 29 -  октябрда Лозан Тынтчык Келишиминде тагдыры Улуттар Жамаатынын Кеңешине ташталган Мусул тууралуу чечим билдирилди. Түркия  - Ирак чек арасы Мусулду Иракка калтыра тургандай түрдө такталды.

*** 1929 -  жылы 29 -  октябрда дүйнө глобалдык масштабда экономикалык кризис менен биринчи жолу таанышты. Нью – Йорк Биржасында баалуу кагаздар баасын жоготуп,  биржа кулады. Оболу АКШны андан кийин Европа өлкөлөрүнө таасирин тийгизген  «Чоң экономикалык депрессия» мезгили башталды.

*** 1933 – жылы 29 -  октябрда болсо Президент Мустафа Кемал Ататүрк республиканын жарыяланышынын 10 -  жылында тарыхый нутугун Анкарадан бүткүл дүйнө менен бөлүштү.

*** 1992 -  жылы 29 -  октябрь күнү түрк куралдуу күчтөрү ПКК террористтеринин Түркияга өтүү жериндеги Түркия  - Ирак чек арасында  Синхат кысыгынын текшерүүсүн алды. Операцияда 90 ПКК террористти жок кылынды.

*** 1992 -  жылы 29 -  октябрда СССРден көз карандысыздыгын жарыялаган Казакстан менен Түркмөнстан биринчи элчиликтерин Анкарада ачты.

 

*** 1998 -  жылы 29 -  октябрда Түркия, Азербайжан, Грузия, Казакстан жана Өзбекстан, Каспий жана Орто Азия нефтилеринин батыштын базарларына Баку  - Тбилиси – Жейхан нефть түтүк жолу менен жеткирилишине байланыштуу Анкара декларациясына кол койду.

*** 2006 -  жылы 29 – октябрда Нигериянын борбор шаары Абужада бир жүргүнчү учагы учкандан кийин эле 104 жүргүнчүсү менен кырсыкка учурады: кырсыктан 6 гана киши кутулду.

*** 2013 -  жылы 29 -  октябрда Мармарай ачылды жана биринчи каттам Үскүдардан Йеникапыга жасалды. Мармарай Кытай менен Британиянын ортосунда үзгүлтүксүз темир жолду толуктаган болду.

*** 2018 -  жылы 29 -  октябрда Жаңы Стамбул аэропорту ачылды. Жаңы аэропорт 6 көз карандысыз аянт, 500 учактуу жана жылдык 200 миллион жүргүнчү менен дүйнөнүн эң чоң аэропорту болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар