Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1294930
Тарыхта бүгүн

***  1461 -  жылы 26 -  октябрда Трабзон Рум  Империясы Фатих Султан Мехметтин командирлигиндеги Осмон армиясына багынды.

*** 1923 -  жылы 26 -  октябрда болсо Түрк улуттук футболдук командасы биринчи расмий оюнун Таксим стадионунда Румыния менен ойноду. Оюн 2 – 2 барабардык менен аяктады.

*** 1991 -  жылы 26 -  октябрда түрк куралдуу күчтөрү Ирак чек арасынан кирип ПКК террордук уюмуна каршы кенен машстабдагы операцияны баштады. 20 миң аскер катышкан операцияда жүздөгөн ПКК террористти жок кылынды.

*** 1994 -  жылы 26 -  октябрда Израиль менен Иорданиянын ортосундагы 46 жылдык согушту акырына чыгарган тынчтык келишимге эки өлкөнүн ортосундагы чек арада 5 миң киши катышкан аземде  кол коюлду.

*** 2002 -  жылы 26 -  октябрда Москва театрында үч күнгө созулган барымтага алуу кыймылы орус атайын күчтөрү уюштурган жана 50 чечен куралдуу киши менен бирге 800 барымтадан 118нин да өлүмүнө жол ачкан операция менен аяктады. Орус күчтөрүнүн операцияда уулуу газ колдлонушу жана барымталардын да каза болушу менен Москва башкаруусу батыштык өлкөлөр тарабынан катуу сынга алынды.



Тектеш кабарлар