Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1293206
Тарыхта бүгүн

 

*** 1940 -  жылы 23 -  октябрда футбол дүйнөсүнүн легендарлуу ысымы Пеле (Edison Arantes do Nascimento) Бразилияда  төрөлдү.

*** 1946 – жылы 23 -  октябрь күнү Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин курулушуна чечим чыгарылган БУУ биринчи жалпы жыйынын Нью – Йоркто өткөрдү.

*** 1954 – жылы 23 – октябрь күнү  Экинчи Дүйнөлүк согушунда жеңилген Германиянын НАТОго мүчөлүккө кириши үчүн Париж келишимине кол коюлду.

*** 1956 -  жылы 23 -  октябрда  Венгрияда СССРдин басып алышына жана эгемендигине каршы көтөрүлүшү башталды. Өлкөдө жайылган  митингдерде советтик аскерлердин өлкө тышына чыгарылышы талап кылынды.СССР Венгрияны  басып алуу чечимин чыгарды жана премьер  - министри Имре Наги советтер союзуна каршы БУУдан жардам талап кылды бирок күткөн жардамды ала албады.

*** 1973 -  жылы 23 -  октябрда болсо АКШнын президенти Ричард Никсон “Watergate” чыр – чатагы тууралуу Оваль офистеги үн жаздырууларды  сотко тапшырууну кабыл алды.

*** 1983 -  жылы 23 -  октябрь күнү Ливандын борбор шаары Бейрутта Америка жана француз тынчтык күчү штабдарына жарылуучу зат жүктөлгөн жүк ташуучу машиналар менен жан кечтилик кол салуу жасалды. 241 Америка деңиз жөө аскери жана 58 француз аскери каза тапты.

*** 1993 -  жылы 23 -  октябрда 1960 -  жылдарда Түркиядан качырылыган, биздин эрага чейинки 560 – 546 -  жылдардагы Лидия цивилизациясына таандык «Карун казынасы» 28 жылдан кийин Түркияга алып келинди.

*** 2011 -  жылы 23 -  октябрда Түркия республикасынын тарыхындагы эң чоң жер титирөөлөрдүн экөөсү Ванда бири биринин артынан болду. 6, 7 баллдык биринчи жер титирөөдөн 18 күндөн кийин бул жолу 7, 2 баллдык жер титирөө болду. Эки жер титирөөдө 644 киши каза болуп, 4 миңден ашуун киши жараланды.



Тектеш кабарлар