Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1906 - жылы 3 - октябрда Германиянын борбор шаары Берлинде чогулган 1 - радио телеграф конгрессинде «СОС» коркунуч белгиси катары кабыл алынды.
*** 1922 – жылы 3 - октябрь күнү Түркия, Британия, Франция жана Италиянын ортосунда Мудания конференциясы башталды. 8 күндөн кийин Мудания сүйлөшүүсүнө кол коюлду.
*** 1929 - жылы 3 - октябрда болсо Югославия королдугу серб, хорват жана словендер тарабынан курулду.
*** 1971 - жылы 3 - октябрда Советтер союзу жана АКШ Стратегиялык куралдарды чектөө келишимине кол койду.
*** 1990 - жылы 3 - октябрда Экинчи Дүйнөлүк согушунан 45 жылдан кийин Чыгыш жана Батыш Германия бирикти.
*** 2005 - жылы 3 - октябрда Люксембургда курулган өкмөттөр аралык конференция менен Европа Биримдиги жана Түркиянын ортосунда Европа Биримдигине кошулуу сүйлөшүүлөрү расмий башталды.
*** 2009 - жылы 3 - октябрда Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан Нахчиван келишими менен Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыгы уюмун түздү.
*** 2012 - жылы 3 - октябрда Сириядан келген пулемет окторунан Шанлыурфанын Акчакале районунда 5 жарандын каза болушу менен Түркия Сирияга ок атты.