Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
1792 - жылы 22 - сентябрда Королдуктун жоюлушунан кийин Францияда республика жарыяланды.
*** 1939 - жылы 22 - сентябрда Измирдин Дикили жана Карабурун райондорунда болгон жер титирөөдө 100дөн ашуун киши каза болуп, эки район толугу менен кулады.
*** 1959 - жылы 22 - сентябрда Европа менен АКШнын ортосундагы алгачкы телефон кабель жолу расмий түрдө ачылды.
*** 1980 - жылы 22 - сентябрда Польшада курулган Лех Валесанын лидерлигиндеги Жардамдашуу профсоюзу мыйзамдаштырылды.
*** 1980 - жылы 22 - сентябрда 8 жылга созула турган Иран - Ирак согушу башталды. Ирактын Иранга согуш ачкандыгын билдириши жана Тегерандын Мехрабад аэропорту да болгон 7 Иран аэропортун бомбалашы менен башталган согушта 1 миллионго жакын киши каза болду.
*** 1985 - жылы 22 - сентябрда француз өкмөтү 1985 - жылы 10 - июлда чөккөн Гринписке таандык ''Rainbow Warrior'' кемесин француз жашыруун сервисинин чөктүргөндүгүн кабыл алды.
*** 1993 - жылы 22 - сентябрда Нью – Йорк Метрополитан музейи Түркиядан мыйзамсыз жолдор менен качырылган «Карун казынасын» Түркияга тапшырарын билдирди.