21 -  Сентябрь Дүйнөлүк Тынчтык Күнү

БУУнун курулушу жалпысынан бир топ согуштун чыгышына жана жайылышына тоскоол болду.

1271675
21 -  Сентябрь Дүйнөлүк Тынчтык Күнү

 

Бүгүн Дүйнөлүк Тынчтык Күнү. Гитлердик Германия Польшага согуш жарыялаган бул күн мурунку советтер союзуна мүчө өлкөлөр жана Түркияда «Дүйнөлүк тынчтык күнү» катары белгиленүүдө. Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин дагы бир жолу согуштун болбошу үчүн БУУнун курулушу жалпысынан бир топ согуштун чыгышына жана жайылышына тоскоол болду.

Ушуга карабастан кээ кээде аймактык кагылышуулар жана согуштар болду. БУУ курулуп жатканда тең укуктуулук принциби жок беш мүчө өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешин түздү. Бул абалды бир топ өлкө сынга алганына карабастан ушул күнгө чейин Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү милдетин аткарууда. Палестина маселесинде болгондой бул беш мүчөдөн бирөөсүнүн тоскоол болушу менен орток чечимдер чыгарыла албайт.

Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган айткан : «Дүйнө бештен чоң»,- деген пикири акыркы жылдарда колдоо көрүп жатат.

Каалообуз дүйнө тынчтыгын коргоп калууда чоң мааниге ээ болгон БУУнун дагы тарапсыз, тең укуктуу түзүлүшү менен бүткүл дүйнө тынчтыгына кызмат кылышы. 21 -  Сентябрь Дүйнөлүк Тнычтык Күнү куттуу болсун.



Тектеш кабарлар