Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанлүү окуялар.
*** 1810 – жылы 16 - сентябрда Мексикада Испания бийлигине каршы көз карандысыздык согушу башталды.
*** 1890 - жылы 16 - сентябрда Жапония сапарынан кайтып келе жатып Кушимото жакындарында тайфунга учураган «Эртугрул» фрегаты аскаларга урунуу менен чөктү жана 540 түрк морягы шейит болуп, 69 моряк кутулду.
*** 1959 - жылы 16 - сентябрда Франциянын президенти Шарль де Голль Алжирдин келечегин өткөрүлө турган бир референдум менен белгиленишин каалады. 4 жылдан кийин ошол күнү Ахмет Бен Белла Алжирдин биринчи мамлекет башчысы болду.
*** 1961 - жылы 16 - сентябрда Яссыада соту тарабынан өлүм жазасына тартылган Мендерес өкмөтүнүн министрлери Фатих Рүштү Зорлу менен Хасан Полаткандын жазалары Имралы аралында аткарылды.
*** 1978 - жылы 16 - сентябрь күнү Иранда бир минутага созулган жер титирөөдө 20 миң киши каза болду.
*** 1982 - жылы 16 - сентябрда болсо Израиль жактоочусу Христиан Фаланжисттин куралдуу кишилери Бейруттагы Сабра жана Шатилла качкындар лагерин басып алып араларында балдар да болгон жүздөгөн палестиналыкты кырды.
*** 2013 - жылы 16 - сентябрда Сирияга таандык аскердик тик учар түрк Ф - 16лар тарабынан чек аранын бузулушу менен атып түшүрүлдү.
*** 2016 - жылы 16 - сентябрда түрк кино өнөрпозу Тарык Акан каза болду.