Тарыхта бүгүн
Бүгүнт тарыхта болгон маанилүү окуялар.

*** 1855 – жылы 11 - сентябрда Крым согушунда англис - француз жана осмондук күчтөрү Севастополду колго алды.
*** 1941 - жылы 11 - сентябрда Ван көлү жана тегерегинде болгон жер титирөөдө 194 киши каза болуп, 36 айыл толугу менен кулады.
*** 1948 - жылы 11 - сентябрда болсо Пакистандын куруучусу, мамлекет башчысы Мухаммед Али Жиннах 72 жашында Карачиде дүйнөдөн кайтты.
*** 1973 - жылы 11 - сентябрь күнү Чилинин мамлекет башчысы Сальвадор Алленд Пиночеттин жол башчылыгындагы армия тарабынан кулатылды. Көтөрүлүш учурунда Алленд өлтүрүлдү.
*** 2001 - жылы 11 - сентябрда болсо АКШнын Нью – Йорк шаарында «Эгиз мунара» деп аталган дүйнөлүк соода борбору менен Пентагондо жүргүнчү учагы менен террордук кол салуу жасалды. Аль Каида террордук уюму тарабынан жасалган кол салууда 2 миң 976 киши каза болуп, 6 миң 300 киши жараланды. Тарыхка «11 - сентябрь кол салуулары» деп өткөн окуядан кийин АКШ башкаруусу Афганстан жана Ирактын басып алынышы менен аяктай турган процессти баштады.
*** 2015 - жылы 11 - сентябрда болсо катуу бороондон улам Меккеде Месжид - и Харамдагы бир кран ажылык үчүн баргандардын үстүнө түштү. 107 ажы талапкери каза болуп, алардын ичинен экөөсү түрк болгон жана 238 киши жараланган.