Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-57

Алтай адабиятынан Сазон Суразаковдун “Дастанчы” аңгемеси.

1263141
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-57

                   Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду алтай адабияты менен улантабыз. Программада учурдагы алтай адабиятынын белгилүү адабиятчысы акын жана окумуштуу Сазон Саймонич Суразаковдун өмүр-баянын жана анын “Дастанчы” аттуу аңгемесин баяндап беребиз.

                     Кадырлуу окурмандар, алтай адабияты жаатында биринчи профессор дегенде Сазон Суразаковдун аты аталат. Ал алтай элинин фольклористи, адабият таануучу, акын жана жазуучу катары таанылат. Сазон 1925-жылы Майма аймагындагы Ак-Кобы айылында үй-бүлөнүн он бешинчи баласы болуп төрөлгөн. Шаман болгон атасы Сайму Матиевич колхоз түзүлгөн учурда Кайыңзур деген айылга көчүп келип, жазуучунун балалыгы ошол жерде өтөт. Ал атасынын улуттук музыкалык аспабы “топшуур” чертип айткан дастанын, апасынын жомокторун угуп чоңойгон. Бирок кийинки чыгармачылык жолуна атасынын бир тууган агасы акын Моколуштун жана досу дастанчы Сойоңгошев Жакпааштын таасири өтө чоң болгон экен. 1932-жылы мектепке баштап, 1942-жылы Горно-Алтайскийдеги педагогикалык институтунда окуусун улантат. Ал жерде белгилүү окумуштуу Баскаковдун окуучу болот. Студент кезинде 1943-жылы аскерге чакырылып 1944-жылы согуштан жарадар болуп кайтат. Айыгып чыкканда, 1946-жылы Баскаковдун чакыруусу менен Москвага барып окуусун улантат. Ал жерде түркология илимине чоң салым кошуп алтай дастан жана эпосторун чогултат. 1950-жылы тил илиминин кандидаты болот жана жасаган илимий эмгектерине татыктуу алтайдын алгачкы профессор наамына ээ болот. Ал 27 жашында эле тоолуу Алтайда жаңы ачылган Тарых, Тил жана Адабият институтунун директору болуп кызмат өтөйт. Анын адабий таануу жана фольклор жаатында бир топ баалуу эмгектери жарык көргөн. Илимий изилдөөлөрү менен бирге ал адабий чыгармалар да жараткан. 1949-жылдан баштап анын ырлары жана аңгемелери жергиликтүү газетада “Алтайдын тоолорунда” аты менен байма-бай жарыяланып турган. Мындан сырткары жазуучунун жети адабий китеби чыккан. Суразаковдун ыр жана аңгемелеринин темасы көбүнчө советтер учурундагы жаңы жашоо, өзгөрүү тууралуу болгон. Ал 1980-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын эскерүүсүнө дүйнөнүн ар тарабынан окумуштуулар катышкан чоң жыйын өткөрүлүп, эстелик катары “Алтай жана түрк-моңгол дүйнөсү” аттуу жыйнак чыгарылган.

       Анда эмесе мындан аркы сөздү жазуучунун “Дастанчы” аттуу аңгемеси менен уланталы.

      Бул ангеме алыскы Алтай аймагынын айылдарында болуп өткөн экен . Жакынкы бир замандарда  Кадын аттуу бир жерде Канакуш деген  карыя жашаган экен. Анын бул жашоодо салган үйү, күткөн малы жок. Ал карыя жалгыз атын минип кокту-колотту, айыл-апаны кыдырып ата-бабадан калган мурасты-дастанын айтып күнүн өткөрүүнү адат кылыптыр. Аны аймактагы кары-жашы дебей баары тааныр эле. Бирок качанкы Канакуш карыянын жашын эч ким билбептир. Анын жаш кезин эстеген эч ким болбоптур. Көп жашаган бул карыянын «топшуурун» колго алып коңур үнү менен айтчу дастанын күтүп калышчу экен. Алыстан карыяны көргөн балдар чурулдап кабар таратышып карыянын түшкөн үйүнө жыйылышчу. Жакшы сыйын көргөндөн кийин Канакуш карыя элдин моокумун кандырып улуу жомогун баштап таң атканча дастан айтып, эртеси кийинки айылга жөнөп кетчү экен. Күндөрдүн биринде айтылуу бир айылда элди жыйып адаттагыдай дастанын баштаптыр. Бир оокумда эшикти тээп кирген бектин жигиттери жана бектин өзү Канакуш карыяга туш келет да босогодо туруп калат. Үй ичинин айланта карап туруп ала гүү бек «демек мен келсем оордуңардан турбайт экенсиңер да! Кана жигиттер ким төргө ылайыктуу, менби же бул бакшыбы?» дейт.Ал жерге ээрчий келген бектин жандоочусу карыяны камчысы менен түртө салып төшөктү кагып силкип бийге даярдай салат. Ала гүү бекти эки үч жигит колтуктан алып төргө алып барып отургузушат. Үй ээси калдастап бир козу жетелеп келип бата тилеп, келин кесек үймө-үй кыдырып арак чогултуп келип бекке сунушат. үч табак аракты удама-удаа ичкенден кийин бек карыяны карап: «качанкы өткөн жомокту айтып элдин башын оорутпай элдин камын жеп жүргөн мени мактап ырда» деп демитет.Канакуш карыя: “мактоого татыктуу болбогондор өздөрүн мактатышат. Ушул жашка чыкканча тилим калпка күрмөлгөн эмес. Эми сени мактап арсыз атка коно албайм” -деп кесе айтат. Бул жоопту күтпөгөн бектин ачуусу келип эртеси күнү келип жүз балак алаарын айтып аттанып кетет. Эртеси күнү элди жыйып жигиттери менен карыяны ортого алып, 100 балак алышат. Карыянын алсыз денеси камчынын уусун көтөрө албай, элдин эрмеги, акын карыя жарык дүйнө менен кош айтышып кете берет. Калың эл бул окуядан кийин биримдикке келип, бекти жана анын жактоочуларынын баарын тазалап, теңдик жашоону куруп жашап калышкан экен.

         Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда соңку алтай адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде бул аңгемеге кызыгуу жаралган болсо, анда Сазон Суразаковдун “Дастанчы” аттуу чыгармасын окуп чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар