Күрт саясаты

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн бул тема тууралуу талдоосу.

Күрт саясаты

Күрт саясаты

Батышта жана Түркияда белгилүү эл катмарлары тарабынан атайылап ПКК жана/же ПКК менен арасына чек койбогон ХДП үчүн өжөрдөнүү менен «Күрт кыймылы», «Күрт саясаты» сыяктуу айтымдар колдонулууда. Ушундай түрдөгү айтымдар менен террордук уюм жана аны менен карым-катнашы болгон саясий партия, бир улуттун «кыймылы», «саясаты» сыяктуу көрсөтүлүүдө..

 Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн бул тема тууралуу талдоосу.

ПКК-ар башка өлкөлөрдө, Түркияда, Сирияда, Иран жана Иракта ар башка аталыштар менен топтуу жана тынымсыз түрдө, көп сандаган Батыш өлкөсүндө болсо жеке киши түрүндө ар кандай мезгилдерде террордук кыймылдарды кылган террор уюму болуп саналат. ПККнын бул өлкөлөрдө кылган кол салууларынан жаран-аскер, аял, бала, ымыркай дебестен он миңдеген адам өлгөн, миллиондогон адам жашаган жерлеринен көчүүгө аргасыз болгон. Жакынкы Чыгыштын дизайнын чийүүгө аракет кылган күчтөрдүн кошоматчысы катары ПККнын өзүн күрттөрдүн өкүлү сыяктуу көрсөтүү бурмалоолору, өз саястынын талабы боюнча түшүнүлүшү мүмкүн. Түркия, Сирия, Ирак жана Иранды бөлүп жарып, кылымдар бою түрктөр жана араптар менен биргелеше Исламдын желегин желбиреткен күрттөрдү, курдура турган террор мамлекети менен Израилдин коопсуздугу үчүн кызмат кылдырууну каалаган империалист чөйрөнүн жана аларга байланыштырылган академиктердин, жазуучулардын мамилелери да түшүнүлсө болот. Бирок бул бурмалоонун рационалдуу дагы, илимий дагы жана коомдук дагы жообу жок. Бүтүндөй немистерди, арабдарды, түрктөрдү бир кыймыл/саясат катары кароо канчалык рационалдуу жана илимий тууралыгы бар болсо, бардык күрттөрдү да ошондой кароо туура болушу мүмкүн. Ичинде миллиондорду жана айырмачылыктарды камтыган коомчулуктарды бир бүтүн катары кароо тоталитардык көз караштын белгиси болушу мүмкүн. «Күрт саясаты» сөзүнөн баштасак, эң оболу бардык күрттөр Түркиядагы күрттөрдөн гана турбайт. Түркия менен бирге Иран, Ирак, Сирия жана Батыш өлкөлөрүндө орун алган коомчулуктардан сөз кылуудабыз. Ооба, мамлекеттерден сөз кылынса болот. Бирок бул коомчулук катары италян, француз, түрк саясатынан сөз кылынса боло турган нерсеби? Түрктөрдүн саясатыбы? Жок. Сөз болуп жаткан Түркиядагы күрттөрдүн саясаты болсо, ар бир жарандык жана демократиялык коомчулукта болгону сыяктуу, күрттөр да жалгыз бөлүктөн турбайт, түрдүү болуп эсептелет. Эң оболу бардык күрттөр ар бир коомчулукта болгону сыяктуу саясатка кызыгууга мажбур эмес. Саясатка кызыккандардын бардыгы добуш берет деген нерсе жок. Добуш бергендердин бардыгы Элдик демократиялык партияга (ХДП) добуш берген жери жок. АК партия дагы күрттөрдөн эң аз ХДП сыяктуу добуш алууда. HÜDAPAR добуш катнашы аз болгону менен бирге, айрым митингдерде миллиондогон кишини артынан ээрчиткенин көрүүдөбүз. Дагы улантсак ХДПга добуш бергендердин бардыгы тең ПККнын террордук кыймылын колдобойт.

Кыскасы башка эч бир коомчулук үчүн колдонулбай турган айтымдын, бир уруу же урук сыяктуу күрттөр үчүн колдонулуусунун эч бир ачыктай ала турган себеби жок. Бул айтым күрттөрдү кемсинтүүчү жана идеологиялык мамиле болуп эсептелет. Мен жеке өзүм, Түркияда бир топ сезимтал киши сыяктуу, ПКК жана ХДПнын бирдей көрүлбөшү, ХДПнын өнүктүрүлүп жарандык саясатка аянт ачылышын каалайм. Бирок ХДПнын жооптуу кызматкерлеринин тынымсыз тоого салам берип турган мамилеси болуп жатса мен сыяктуулардын дагы ойлорунун эч түшүнүгү калбайт.  Саясат деморкатиянын, эркиндиктин, жарандык жашоонун эмес, террор уюмунун жана анын тоталитардык кысымынын инструментине айландырылганда, жарандык жана демократиялык тармакта жүрсө боло турган жол калтырбаган болот.

Анда ортодо анча көп баш аламан абал болбой турганда Түркиядагы белгилүү катмарлардын ПКК жана ХДПны «Күрт саясаты» катары көрсөтүүгө карай өжөрдөнгөн бурмалоолорунун себептери эмнелер болушу мүмкүн? Эмне үчүн ПККнын жана империализмдин тилине багынып беришүүдө? Бул бурмалоо аракети бир гана Түркияда эмес, аймактагы өлкөлөрдө да ошондой болушу мүмкүн.

Анда биринчи эске түшө турган бир канча себепке токтололу.

ПКК коркуусу: Жашоону демократиялуу, эркин жана плюралист түрдө жашаган биз сыяктуу адамдар, көпчүлүк убакта террордук уюмдардын кысымдарын, жараткан өлүмчүл коркутууларын унуту аракетиндебиз. Анткени террордук уюмдар бир гана терракт болгондо күн тартибибизге кирет жана бир топтон кийин күн тартиптен чыгат. Ал эми террордук уюмдардын коркутуу, кысым кылуу, белгилүү ысымдарды түздөн-түз бутага алып коркутуу сыяктуу ыкмалары бар. Ошондуктан бүтүндөй күрттөрдү «күрт саясаты» айтымы менен тоталитардыкка айлантуу аракеттеринин бир бөлүгү ПККнын жараткан коркутуусу менен айтылса болот. ПККнын өзүнө каршы чыккан жана башкача айтымды өнүктүргөн күрт интеллигенттерди, жарандарды жок кылганы белгилүү.

Жолдош кысымы; «Күрт саясаты» айтымын колдонгондордун маанилүү бир бөлүгү Түрк солчулдарынын ичиндеги чөйрөлөр болуп саналат. Түрк солчулдарынын алдыңкы ысымдарынын маанилүү бир бөлүмүнүн өтмүшү жагынан төңкөрүшчүл салттан келгени белгилүү. «Күрт саясаты» айтымын атайылап колдонгон Түрк солчулдарынын ичиндеги катмарлардын бул аракети Марксист-Ленинист салттан келген ПКК менен «төңкөрүшчүл колдошуусу» деп эсептелсе болот.  Бул катмарлардын тоталитардык көз карашка ылайыкташкандарынын бир себеби болсо өздөрү чыккан төңкөрүшчүл салттан жетиштүү түрдө кутула албоолору, демократия, эркиндик жана плюралисттик сыяктуу терминдерди жетиштүү түрдө сиңире албоолору менен түшүндүрүлсө болот.

Түркияга каршы эл аралык чөйрөлөр менен интеграция болуу абалы: «Күрт саясаты» айтымын өжөрдөнүп колдонгондордун бир бөлүмүнүн болсо Түркияга каршы эл аралык чөйрөлөр менен интеграция болгондорун байкоодобуз. Тийиштүү чөйрөлөр тарабынан финансыланган бул катмарлар, финансылаган чөйрөлөргө ылайыктуу мамиле көрсөтүшүүдө.

Өкмөткө каршы туруу: Өкмөткө каршы туруунун айрым интеллигенттердин мамилелерин түшүнүүдө ачыктоочу болгону айтылса болот. Өкмөт жана Эрдоганга каршы туруу үчүн айрым интеллигенттер героин уурдап саткан, карапайым балдарды кырган террористтик уюмду колдогонго дейре барууда.

Интеллигенттин чоочундашуусу: Муну коомчулукка каршы чыгуучу десек да болот. Интеллигент чоочундашуусу, Батыштан тышкаркы коомчулуктардын эки жүз жылдык батышташуу тарыхынын кайгылуу баяны болуп саналат. Бул кайгылуу аңгемени акын Сезаи Каракоч, «Жомок» аттуу ырында абдан сонун айтып берген. Осмондук мезгилинде илимин, техникасын алып өлкөгө салым кошсун деп Батышка билим алуу максатында жөнөтүлгөн ысымдардын көпчүлүгү өз коомчулугуна чоочундашкан, бирден Батышты сүйгөн адам катары өлкөсүнө кайткан. Республика мезгилинде болгондор болсо өз маданиятынан, тарыхынан жана цивилизациясынан толугу менен ажырап маданий жактан Батышка баганып берген.

Жыйынтык катары айтсак, солчул террордук уюм болгон жана басымдуу түрдө түрктөрдөн турган ДНКПЖ жана маргиналдык солчул партия үчүн «Түрк саясаты» деп айтуу канчалык түшүнүктү берсе, ПКК жана ХДП үчүн «Күрт саясаты» деп айтуу ошондой түшүнүктү берет. ПКК коркуусу, жолдош кысымы, ж.б.у.с. себеби кандай болсо болсун, ПКК жана/ же ХДПны «Күрт саясаты» катары кароо эркин, намыстуу жана тынчтыкчыл күрттөргө акаарат болуп саналат. Интеллигент сөрөйлөргө террордун жана империализмдин айтымдарына багынып берүү эмес, буга каршы туруу жана акыйкаттыкты айтуу сыймыгы түшөт.

 

 



Тектеш кабарлар