Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1227 - жылы 18 - августта тарыхтын эң чоң императорлугун курган Монгол императору Чыңгыз Хан каза болду. 1227 - жылы чыккан бир аскердик жортуулда ооруп калган Чыңгыз Хандын мазары азыр да табыла элек.
*** 1791 - жылы 18 - августта Осмондук - Орусия согушун акырына чыгарган Калас келишимине кол коюлду.
*** 1850 - жылы 18 - августта «Өрөөндөгү лилия» жана «Гериот ата» сыяктуу классикалык чыгармаларды жараткан жазуучу Оноре де Бальзак Парижде дүйнөдөн кайтты.
*** 1917 - жылы 18 - августта Чоң Салоники өртү чыкты. 32 саатка созулган өрттө шаардын 30 пайызы кулады, 70 миң киши үйсүз кады.
*** 1932 - жылы 18 - августта Түркия сулуусу Кериман Халис дүйнө сулуусу болду.
*** 1971 - жылы 18 - августта Австралия менен Жаңы Зеландия, Вьетнам согушунан аскерлерин чегинтүү чечимин чыгарды.
*** 1998 - жылы 18 - августта Орусиядагы экономикалык кризис дүйнөнү таасири астына алды. Орусия бардык тышкы карыз төлөмдөрүн токтотту.
*** 1998 - жылы 18 - августта Улуу калыстардын алдында суракка алынган АКШнын президенти Билл Клинтон Ак үй стажеру Моника Левински менен жакын мамиледе болгондугун моюнга алды.
*** 2018 - жылы 18 - августта Кипр Тынчтык Планы менен таанылган Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан Швейцарияда каза болду.