Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон маанилүү окуялар.

1252117
Тарыхта бүгүн

 

*** 1893 -  жылы 14 -  августта дүйнөдө биринчи жолу Францияда унааларга номер тагылды.

*** 1908 -  жылы 14 -  августта биринчи Дүйнөлүк сулуулук жарышы Британиянын Фолкстоне шаарында өткөрүлдү.

*** 1941 -  жылы 14 -  августта АКШнын президенти Франклин Рузвельт менен Британиянын премьер  - министри Уинстон Черчиль фашисттик Германияга каршы Атлантика келишимин жарыялады.

 

*** 1945 -  жылы 14 -  августта Экинчи Дүйнөлүк согушунун акырында Жапон императору Хирохито өлкөсүнүн шартсыз багынгандыгын билдирди.

*** 1947 -  жылы 14 -  августта Британия Индияга көз карандысыздыкты берди. Индия мусулман биримдигинин лидери Мухаммед Али Жиннах менен Конгресс партиясынын лидери Пандит Нехру англис планын кабыл алгандан кийин  өлкө Индия жана Пакистан болуп экиге бөлүндү.

 

*** 1974 -  жылы 14 -  августта Түркия, Британия жана Грециянын ортосундагы Женева конференциясынын чыкпас жолго кириши менен Түркия Кипр Тынчтык Кыймылынын экинчи баскычын баштатты. Түрк аскерлери борбор шаар Лефкошага кирди.

*** 2005 -  жылы 14 -  августта Гелиос аба жолдоруна таандык жүргүнчү учак  Афинанын мейкиндигинде кырсыкка учурады. 121 киши каза болду.

 

*** 2006 -  жылы 14 -  августта Хизбуллах  - Израиль согушу кол коюлган ок атышпоо келишими  менен акырына чыкты. Ливан армиясы менен БУУнун Тынчтык Күчү Түштүк Ливанга жайгашты.



Тектеш кабарлар